21:35 19 Баш оона 2018
Түз эфир
  • USD69.4557
  • EUR79.1552
  • RUB1.0386
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын формасы. Архив

Көчмөндөр оюну: форманын мыкты дизайнына сынак жарыяланды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (84)
115 0 0

Эмгектер 22-майга чейин мамагенттиктин имаратында кабыл алынат.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Кыргызстандын курама командасы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу бөлүгүнө кийип чыкчу форманын дизайнына сынак жарыялады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Кароого ата мекендик кийим-кече өндүрүүчүлөр жана дизайнерлер катыша алат.

"Шарт боюнча комплектиге баш жана сырткы кийим, эркектер үчүн шым, аялдар үчүн көйнөк болушу керек. Мунун баары улуттук колоритте тигилип, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эн белгиси тагылышы зарыл", — деп айтылат билдирүүдө.

Дизайнерлер өз эмгектерин электрондук, кагазга түшүрүлгөн вариантта же тигилген кийимдин өзүн алып келиши керек. Дагы бир талап — форманын бир комплектисине канча каражат кетери так көрсөтүлүшү кажет.

Эмгектер 22-майга чейин мамагенттиктин имаратында кабыл алынат. Жеңүүчү 50 миң сом сыйлыкка ээ болот.

Дареги: Бишкек, Тоголок Молдо көчөсү, 17. Электрондук дарек rsrnvs_kg@mail.ru. Байланыш телефону: 0312 32 53 14.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-8-сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт.

Тема:
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (84)

Тема боюнча

ДКО салбуурунду кандай эрежеде өткөрөт? Бүркүт салуу, далба ойнотуу, тайган жарыш
Быйылкы Көчмөндөр оюндарына канча акча сарпталары айтылды
Белгилер:
дизайнер, сынак, форма, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ