Бир кылымдык тарыхты камтыган Фрунзенин үй-музейи. Анда-санда каттаган кишилер

© Фото / Азат АкаевМихаил Фрунзенин үй-музейиндеги экспонаттар
Михаил Фрунзенин үй-музейиндеги экспонаттар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаадагы Михаил Фрунзенин үй-музейи Кыргызстандагы туңгуч музей катары белгилүү. Бул жер бир гана революционердин эмес, жалпы өлкөнүн бир кылым мурдагы тарыхын камтып турат. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул жолу окурмандарды Фрунзенин үй-музейи менен тааныштырат.

Бишкек шаарындагы Эски аянттын жанында жайгашкан Михаил Фрунзенин мемориалдык үй-музейи Кыргызстандагы эң эски имараттардын бири. Өлкөбүздүн XIX кылымдын аягынан тарта XX кылымдын ортосуна чейинки тарыхын камтыган музей жумасына алты күн иштеп, дүйшөмбү күнү гана бек болот. Эртең мененки 9.30дан 17.30га чейин каалоочулар тарыхый экспонаттар менен тааныша алат. Кирүү баасы 50 сом болсо, анын ичине экспонаттар менен тааныштырган гид да камтылган.

Үй-музейдин кызматкери Дамира Стамкулованын айтымында, тарыхый имарат 1925-жылы ачылган.

© Фото / Азат АкаевҮй-музейдин кызматкери Дамира Стамкулова: бул жердин 138 жылдык тарыхы бар. Михаил Фрунзе ушул үйдө чоңоюп, кошуна кыргыздын балдары менен ойночу экен. Каза болгондон кийин балалыгы өткөн бул үйдү музей кылуу чечими чыккан
Сотрудник дом-музея Михаила Фрунзе в Бишкеке Дамира Стамкулова - Sputnik Кыргызстан
Үй-музейдин кызматкери Дамира Стамкулова: бул жердин 138 жылдык тарыхы бар. Михаил Фрунзе ушул үйдө чоңоюп, кошуна кыргыздын балдары менен ойночу экен. Каза болгондон кийин балалыгы өткөн бул үйдү музей кылуу чечими чыккан

"Колбашчы, революционер Михаил Фрунзе 1885-жылы 2-февралда Пишпек шаарында туулган. Кесиби боюнча фельдшер болгон атасы Василий Фрунзе бул үйдү 1879-жылы курган экен. Ошондо бул жердин 138 жылдык тарыхы бар. Михаил Фрунзе ушул үйдө чоңоюп, кошуна кыргыздын балдары менен ойночу экен. Ал кыргызчаны мыкты билген. Каза болгондон кийин балалыгы өткөн бул үйдү музей кылуу чечими чыккан", — деди Стамкулова.

Ал эми азыркы үч кабаттуу комплекс 1967-жылы Фрунзенин үй-музейинин үстүнө курулган.

Музейдин эң негизги бөлүмү болгон Фрунзенин үйү биринчи кабатта жайгашкан. Кызматкерлердин айтымында, элдин көбү ушул үйдү көргөнү келет. Бир кабаттуу үйдүн кире беришинде жүз жылдан ашуун убакыттан бери сакталып келе жаткан кол жуугуч, медициналык кийимдер жана куралдар жайгашкан. Андан кийин ашкана бар. Ашканада очок, самоор, идиш-аяк коюлган текче, ал эми терезесинде кумаралар турат.

© Фото / Азат АкаевМузейдин эң негизги бөлүмү болгон Фрунзенин үйү биринчи кабатта жайгашкан
Музейдин эң негизги бөлүмү болгон Фрунзенин үйү биринчи кабатта жайгашкан - Sputnik Кыргызстан
1/4
Музейдин эң негизги бөлүмү болгон Фрунзенин үйү биринчи кабатта жайгашкан
© Фото / Азат АкаевМузейде Улуу Ата Мекендик согуш убагындагы аскерий техника жана куралдар, жоокер кийимери көрсөтүүгө коюлган
Музейде Улуу Ата Мекендик согуш убагындагы аскерий техника жана куралдар, жоокер кийимери көрсөтүүгө коюлган - Sputnik Кыргызстан
2/4
Музейде Улуу Ата Мекендик согуш убагындагы аскерий техника жана куралдар, жоокер кийимери көрсөтүүгө коюлган
© Фото / Азат АкаевБир кабаттуу үйдүн кире беришинде жүз жылдан ашуун убакыттан бери сакталып келе жаткан кол жуугуч, медициналык кийимдер жана куралдар жайгашкан
Бир кабаттуу үйдүн кире беришинде жүз жылдан ашуун убакыттан бери сакталып келе жаткан кол жуугуч, медициналык кийимдер жана куралдар жайгашкан - Sputnik Кыргызстан
3/4
Бир кабаттуу үйдүн кире беришинде жүз жылдан ашуун убакыттан бери сакталып келе жаткан кол жуугуч, медициналык кийимдер жана куралдар жайгашкан
© Фото / Азат АкаевЭки ирет эки оңдоодон өткөн үйдүн ичиндеги буюмдардын баары жүз жылдан ашык убакыттан бери сакталып турат
Эки ирет эки оңдоодон өткөн үйдүн ичиндеги буюмдардын баары жүз жылдан ашык убакыттан бери сакталып турат - Sputnik Кыргызстан
4/4
Эки ирет эки оңдоодон өткөн үйдүн ичиндеги буюмдардын баары жүз жылдан ашык убакыттан бери сакталып турат
1/4
Музейдин эң негизги бөлүмү болгон Фрунзенин үйү биринчи кабатта жайгашкан
2/4
Музейде Улуу Ата Мекендик согуш убагындагы аскерий техника жана куралдар, жоокер кийимери көрсөтүүгө коюлган
3/4
Бир кабаттуу үйдүн кире беришинде жүз жылдан ашуун убакыттан бери сакталып келе жаткан кол жуугуч, медициналык кийимдер жана куралдар жайгашкан
4/4
Эки ирет эки оңдоодон өткөн үйдүн ичиндеги буюмдардын баары жүз жылдан ашык убакыттан бери сакталып турат

Кийинкиси — конок бөлмө. Ортосундагы стол жана отургучтар бар, дубалда картина жана саат илинген. Бөлмөнүн төрт бурчунда үй буюмдары коюлган текчелер турат.

Михаил Фрунзе 92 жыл мурун көз жумган. Аскер башчынын жашоосунан ирмемдер - Sputnik Кыргызстан
Михаил Фрунзе 92 жыл мурун көз жумган. Аскер башчынын жашоосунан ирмемдер
Үйдүн аягында дубалдарына килем төшөлгөн уктоочу бөлмө жайгашкан. Анда ак шейшеп салынган керебет жана бешик бар. Терезенин алдында Михаил Фрунзенин атасынын иш столу турат.

Жалпысынан эки оңдоодон өткөн үйдүн ичиндеги буюмдардын баары жүз жылдан ашык убакыттан бери сакталып турат.

Музейдин экинчи кабатында Фрунзенин атын алган окуу жайлардын, аскер академияларынын сүрөттөрү бар. Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуш убагындагы аскерий техника жана куралдар, жоокер кийимери көрсөтүүгө коюлган. Аны менен бирге эле Фрунзенин туугандары жана үй-бүлөсүнүн сүрөттөрүн көрүүгө болот.

Үчүнчү кабатта Михаил Фрунзе тууралуу материалдар топтолгон. Колбашчы колдонгон турмуштук буюмдар, ошол кездеги гезит беттери, аскерий операциялардын пландары турат. Фрунзенин бала чагынан улгайган убагына чейинки тулку боюн көрсөткөн эстеликтерди да ушул кабаттан көрүүгө болот. Ошондой эле ата-энеси жана бир туугандары тууралуу маалыматтар, атасынын медициналык куралдары да жайгашкан.

© Фото / Азат АкаевҮчүнчү кабатта Фрунзенин бала чагынан улгайган убагына чейинки тулку боюн көрсөткөн эстеликтерди көрүүгө болот
Дом-музей Михаила Фрунзе в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
Үчүнчү кабатта Фрунзенин бала чагынан улгайган убагына чейинки тулку боюн көрсөткөн эстеликтерди көрүүгө болот

Стамкулованын айтымында, музейди көрүүгө келген адамдардын саны анчалык көп эмес.

Зоологический музей в здании НАН КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин чок ортосундагы музей: көпөлөктөн тарта маймыл, крокодилге чейин
"Биз өзүбүз мектептерге, жогорку окуу жайларга, жада калса бала бакчаларга чалып чакырып турабыз. Жарандарыбызды тартуу үчүн колдон келген аракетибизди жасап келебиз. Бул музей жаштарыбыздын Кыргызстандын тарыхын билип, аны менен бирге эле улуу инсаныбыздын өмүр таржымалы менен таанышуусуна жакшы өбөлгө түзөт. Өткөн кылымдагы тарыхыбыз жаштарды кызыктыра бербейт экен. Мен муну бул жерде иштеп жүрүп жакшы байкадым. Ошондуктан тарыхыбызды унутпайлы, маданиятыбызды өнүктүрөлү десек музейди азыркы замандын талабына ылайыкташтырып, элдин көңүлүн бура турган кылып өзгөртсөк жакшы болмок. Бирок эми анын баары каражатка барып такалат", — деди Стамкулова.

Михаил Фрунзе Октябрь көтөрүлүшүнөн кийин, жарандык согуш мезгилинде Чыгыш фронтун, Түркстан, Түштүк фронтторун жетектеген. 1924-жылы СССР аскер жана деңиз министри болуп дайындалган. 1925-жылы операция учурунда каза тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0