Бишкектин чок ортосундагы музей: көпөлөктөн тарта маймыл, крокодилге чейин

© Sputnik / Табылды КадырбековЗоологический музей в здании НАН КР в Бишкеке
Зоологический музей в здании НАН КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин так ортосунда жайгашкан Зоология музейин көпчүлүк биле бербейт. Болбосо бул музей табият сүйүүчүлөрү үчүн табылгыс мүмкүнчүлүк. Бул жерде өлкөбүздүн жана дүйнөнүн жаратылышына таандык 1500 жаныбардын катырылган кебин көрүүгө болот

Улуттук илимдер академиянын имаратында жайгашкан Зоология музейи шейшембиден ишембиге чейин саат 9.00дөн 17.00гө чейин иштейт. Кичинекей балдарга кирүү акысы 10 сом болсо, окуучулар менен студенттерден 20, чоң кишилерден 30 сом алынат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМузей 2016-жылы 90 жылдыгын белгилеген. 1926-жылы Жаратылыш музейинде зоологиялык бөлүм ачылып, өлкөдө алгачкы жолу жаныбарлардын экспонаттары коюлган
Зоологический музей в здании НАН КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Музей 2016-жылы 90 жылдыгын белгилеген. 1926-жылы Жаратылыш музейинде зоологиялык бөлүм ачылып, өлкөдө алгачкы жолу жаныбарлардын экспонаттары коюлган

Музейдин биринчи бөлүгүндө омурткасыз жандыктар коюлган. Көпөлөктөр жана курт-кумурскалардын жүздөн ашык түрүн жана деңиз жаныбарларын көрүүгө болот. Экинчи бөлүктө канаттуулар жана сүт эмүүчүлөр түрүндөгү жаныбарлар бар. Бул жерден канаттуулардын жүздөн ашык түрүн, жырткыч жаныбарлар жана кайберендердин кебин көрүүгө болот. Ошондой эле музейдин 90 жыл мурда жасалган "Ак илбирстин аң уулоосу" деп аталган алгачкы экспонаттарынын бири да орун алган. Ал эми үчүнчү бөлүктө катырылган сүт эмүүчүлөр, балыктар жана сойлоп жүрүүчү жаныбарлар жайгашкан.

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук илимдер академиянын имаратында жайгашкан Зоология музейи шейшембиден ишембиге чейин саат 9.00дөн 17.00гө чейин иштейт.
Улуттук илимдер академиянын имаратында жайгашкан Зоология музейи шейшембиден ишембиге чейин саат 9.00дөн 17.00гө чейин иштейт. - Sputnik Кыргызстан
1/7
Улуттук илимдер академиянын имаратында жайгашкан Зоология музейи шейшембиден ишембиге чейин саат 9.00дөн 17.00гө чейин иштейт.
© Sputnik / Табылды КадырбековКичинекей балдарга кирүү акысы 10 сом болсо, окуучулар менен студенттерден 20, чоң кишилерден 30 сом алынат.
Кичинекей балдарга кирүү акысы 10 сом болсо, окуучулар менен студенттерден 20, чоң кишилерден 30 сом алынат. - Sputnik Кыргызстан
2/7
Кичинекей балдарга кирүү акысы 10 сом болсо, окуучулар менен студенттерден 20, чоң кишилерден 30 сом алынат.
© Sputnik / Табылды КадырбековМузейинин башчысы Светлана Федорова бул жерде өлкөбүздүн жаратылышын билгиси келген ар бир жаран үчүн жакшы шарт түзүлгөндүгүн айтат.
Музейинин башчысы Светлана Федорова бул жерде өлкөбүздүн жаратылышын билгиси келген ар бир жаран үчүн жакшы шарт түзүлгөндүгүн айтат. - Sputnik Кыргызстан
3/7
Музейинин башчысы Светлана Федорова бул жерде өлкөбүздүн жаратылышын билгиси келген ар бир жаран үчүн жакшы шарт түзүлгөндүгүн айтат.
© Sputnik / Табылды КадырбековМузейдин биринчи бөлүгүндө омурткасыз жандыктар коюлган. Көпөлөктөр жана курт-кумурскалардын жүздөн ашык түрүн жана деңиз жаныбарларын көрүүгө болот
Музейдин биринчи бөлүгүндө омурткасыз жандыктар коюлган. Көпөлөктөр жана курт-кумурскалардын жүздөн ашык түрүн жана деңиз жаныбарларын көрүүгө болот - Sputnik Кыргызстан
4/7
Музейдин биринчи бөлүгүндө омурткасыз жандыктар коюлган. Көпөлөктөр жана курт-кумурскалардын жүздөн ашык түрүн жана деңиз жаныбарларын көрүүгө болот
© Sputnik / Табылды КадырбековЭкинчи бөлүктө канаттуулар жана сүт эмүүчүлөр түрүндөгү жаныбарлар бар.
Экинчи бөлүктө канаттуулар жана сүт эмүүчүлөр түрүндөгү жаныбарлар бар. - Sputnik Кыргызстан
5/7
Экинчи бөлүктө канаттуулар жана сүт эмүүчүлөр түрүндөгү жаныбарлар бар.
© Sputnik / Табылды КадырбековБул жерден канаттуулардын жүздөн ашык түрүн, жырткыч жаныбарлар жана кайберендердин кебин көрүүгө болот.
Бул жерден канаттуулардын жүздөн ашык түрүн, жырткыч жаныбарлар жана кайберендердин кебин көрүүгө болот. - Sputnik Кыргызстан
6/7
Бул жерден канаттуулардын жүздөн ашык түрүн, жырткыч жаныбарлар жана кайберендердин кебин көрүүгө болот.
© Sputnik / Табылды КадырбековАл эми үчүнчү бөлүктө катырылган сүт эмүүчүлөр, балыктар жана сойлоп жүрүүчү жаныбарлар жайгашкан.
Ал эми үчүнчү бөлүктө катырылган сүт эмүүчүлөр, балыктар жана сойлоп жүрүүчү жаныбарлар жайгашкан. - Sputnik Кыргызстан
7/7
Ал эми үчүнчү бөлүктө катырылган сүт эмүүчүлөр, балыктар жана сойлоп жүрүүчү жаныбарлар жайгашкан.
1/7
Улуттук илимдер академиянын имаратында жайгашкан Зоология музейи шейшембиден ишембиге чейин саат 9.00дөн 17.00гө чейин иштейт.
2/7
Кичинекей балдарга кирүү акысы 10 сом болсо, окуучулар менен студенттерден 20, чоң кишилерден 30 сом алынат.
3/7
Музейинин башчысы Светлана Федорова бул жерде өлкөбүздүн жаратылышын билгиси келген ар бир жаран үчүн жакшы шарт түзүлгөндүгүн айтат.
4/7
Музейдин биринчи бөлүгүндө омурткасыз жандыктар коюлган. Көпөлөктөр жана курт-кумурскалардын жүздөн ашык түрүн жана деңиз жаныбарларын көрүүгө болот
5/7
Экинчи бөлүктө канаттуулар жана сүт эмүүчүлөр түрүндөгү жаныбарлар бар.
6/7
Бул жерден канаттуулардын жүздөн ашык түрүн, жырткыч жаныбарлар жана кайберендердин кебин көрүүгө болот.
7/7
Ал эми үчүнчү бөлүктө катырылган сүт эмүүчүлөр, балыктар жана сойлоп жүрүүчү жаныбарлар жайгашкан.

Музейде жалпысынан 1500гө жакын экспонат бар. Алардын саны ар дайым толукталып турат. Ошондой эле башка өлкөлөрдөн белекке келген экзотикалык жаныбарларды да жолуктурууга болот. Алар Кыргызстанда кездешпеген америка крокодили, австралия ак куусу, маймыл жана башкалар. Көпчүлүк жаныбарлар Кыргызстандын жаратылышына таандык. 

Андан сырткары, музейде жайында мектеп жашына чейинки балдар үчүн зоологиялык тематикадагы чыгармачылык жана кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар өткөрүлөт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЗоология музейинде жалпысынан 1500гө жакын экспонат бар. Алардын саны ар дайым толукталып турат
Зоологический музей в здании НАН КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Зоология музейинде жалпысынан 1500гө жакын экспонат бар. Алардын саны ар дайым толукталып турат

Музейинин башчысы Светлана Федорова бул жерде өлкөбүздүн жаратылышын билгиси келген ар бир жаран үчүн жакшы шарт түзүлгөндүгүн айтат.

"Азыр шаардыктар табиятка көп чыга беришпейт. Ал эми шаарда жүрүп көп жаныбарларды көрө албайсың. Биздин өлкөнүн жаныбарлар дүйнөсү аябай абдан бай. Музейден жаратылышта сейрек кездешүүчү канаттууларды көрүүгө болот. Фламинго, ак илбирс, аюу сыяктуу жаныбарларды жапайы табиятта жолуктуруу кыйын. Ошондуктан биздин музей аларды жакындан көрүүгө жакшы шарт түзөт. Көпчүлүк жарандар музейге келип таң калышат. Себеби, шаардын так ортосунда Зоология музейи бар экендигин көбү биле бербейт", — деди Федорова. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМузейдеги жаныбарлар жылына эки-үч жолу тазаланып турат
Зоологический музей в здании НАН КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Музейдеги жаныбарлар жылына эки-үч жолу тазаланып турат

Музейдеги жаныбарлар жылына эки-үч жолу тазаланып турат. Кызматкерлер ар бир экспонатты зыянкеч курт-кумурскалардан сактоо үчүн дары-дармек себишет.

Музей 2016-жылы 90 жылдыгын белгилеген. 1926-жылы Жаратылыш музейинде зоологиялык бөлүм ачылып, өлкөдө алгачкы жолу жаныбарлардын экспонаттары коюлган. Алардын айрымдары азыркы күнгө чейин музейде көрсөтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0