Актер Болот Тентимишов: театрда жүрсөң көмүскөдө кала бергидейсиң

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү актер Болот Тентимишов
Белгилүү актер Болот Тентимишов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Болот Тентимишов өмүрүнүн 25 жылын театр чөйрөсүнө арнап, бул тармакта 100гө чукул түрдүү ролдорду аткарган. Нурбек Эгендин "Аталар керээзи" тасмасына тартылып, кино дүйнөсүнө кадам таштаган. Жакында эле режиссер Бакыт Осмонкановдун "Ата" тасмасында да баш каармандын образын жаратты.

Дүйнөлүк жана ата мекендик каармандардын образын ийине жеткире аткарган актер менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы баарлашып, кесиби, үй-бүлөсү жана чыгармачылыгы тууралуу кеп кылды.

— Тасмаларга деле көп тартылбайт экенсиз, акыркы "Ата" тасмасына кандайча макул болдуңуз?

Съемки фильма Ата - Sputnik Кыргызстан
Эч нерсе болгон жок, сизди сагындым... Апаны ардактаган "Ата" тасмасы
— Бакыт бул тасмага чейин кыялынан чыккан чыгармаларын айтып көп эле чалчу. Экөөбүздүн убактыбыз, мүнөзүбүз коошпой калып жатып, акыры "Ата" тасмасынын сценарийин сунуштады. Чыгарманы бир дем менен окуп чыктым. Анткени жакшы чыгарма башталышында эле кызыктуу, перспективдүү иштери менен адамды өзүнө тартып алат эмеспи. Сценарийин окусам адамдын ички дүйнөсүнүн ачылышына мүмкүнчүлүк бар экен. Бул актерлор үчүн маанилүү нерсе да. Себеби ойноло турган образ сценарийде күчтүү берилсе, бизге да аны аткарыш кыйын эмес, кызыктуу болот. Азыр Бакыттын ой-жүгүртүүсү, көз карашы, кинорежиссура жагынан бышып жетилип келе жатыптыр. Драма мага жакты, себеби өзүм да атамын, атанын милдетин аткара баштаган учурубуз.

— Канча балаңыз бар?

— Үч балам бар. Улуу кызым студент, андан кийинкиси 4-класста окуйт, кичүүбүз жаңыдан 1-класстын босогосун аттады.

© Sputnik / Табылды КадырбековБолот Тентимишов Ысык-Ата өрөөнүндөгү Кант районуна караштуу Чоң-Далы деген айылда төрөлгөн. Төрт бир тууган. Өзүнүн бир кыз, эки уулу бар
Известный кыргызский актер Болот Тентимишов - Sputnik Кыргызстан
Болот Тентимишов Ысык-Ата өрөөнүндөгү Кант районуна караштуу Чоң-Далы деген айылда төрөлгөн. Төрт бир тууган. Өзүнүн бир кыз, эки уулу бар

— Сиздин көз карашыңыз боюнча азыркы жаш, кино жаатына жаңыдан аралашып келе жаткан режиссерлор эмнеден аксайт?

— "Кыргыз керемети" деп аталган тасмалардын экрандан түшпөй келе жатканына эки кылымга чукулдап калды. Бул тасмалар эмнеси менен азыр да актуалдуу? Себеби алардын үстүнөн залкарлар иштеп, күчтүү ойлор айтылып, орчундуу маселелер көтөрүлгөн. Сценарийи курч жазылып, актерлору күчтүү болгон. Азыр айрым тасмалар бүгүн көрүлүп эртең унутулуп калып жатпайбы. Кино тартканга жараша элдин эсинде калгыдай тартып, актерлор да ошондой ойнош керек. Мисалы, Сүймөнкул Чокморов, Бакен Кыдыкеева, Таттыбүбү Турсунбаева. Булар ошол маалда кыргыздын маңдайына жанган жылдыз болуптур. Жарык жарыкты көрүп күчтүү болот дегендей, режиссер мыкты актерду алыстан көрө билиш керек.

— Азыр жаңы тажрыйба топтоп келе жаткан балдардын ишине канааттанбай, көңүл жылыбай калган учурлар болгон жокпу?

Белгилүү актер Азиз Мурадиллаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Мурадиллаев: актер болом деген жаштар сөзсүз билим алышы керек
— Мен мисалы "Ата" тасмасына тартыла баштаганда Бакытка "чыгарманы, каарманды жараткан сенсиң, мен сага курал болуп, сен ойлогон, кыялданган каарманга жан киргизейин, калганын жаратыш өзүңдүн колуңда" деп айткам. Айрым тажрыйбалуу режиссерлор жаш балдарга "сен эмнени билип коюптурсуң, токтой турчу, момундай болот" деп айткан учурлар кездешет. Бул профессионалдык көз караш менен алып караганда туура эмес. Себеби чыгармачылыкта адамдар бири-бирине дем берип, колдоп турбаса өсүш болбойт. Ишеним көрсөтүш керек. Геннадий Базаров жаңыдан окууну аяктап дипломдук ишине "Саманчынын жолу" тасмасын тартат. Ошондо Толгонайдын образын Бакен Кыдыкеева аткарган. Базаровдун аябай сүрдөгөнүн байкаган Бакен эже "ай, балам, биз сага ишенип келдик, баары сенин колуңда" деп мүмкүнчүлүк берген экен. Андыктан чыгармачылыкта эч качан адамдар бири-бирин басынтпаш керек.

© Фото / Чолпонбек Маматов"Ата" тасмасынан бир ирмем
Съемки фильма Ата - Sputnik Кыргызстан
"Ата" тасмасынан бир ирмем

— Мурунку дейбизби же тажрыйбалуу режиссерлор менен азыркы жаш режиссерлордун айырмачылыгы эмнеде?

— Иштөө тартиби менен айырмаланышат. Мисалы, биз Москва, чет өлкөдөн келген кино топтор менен иштешип калдык. Алар менен акыркы иштешкен жумушубуз Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы болду. Булардын иштөө жааты аябай татаал, жоопкерчиликтүү жана ар бир мүнөтү алдын ала пландаштырылган. Баары бир дем менен иштешет. Чет элдик кинотоптордо экинчи режиссер деген бар. Ал баарын башкарып, жада калса эртеңки күнү аба ырайы кандай болорун, кайсыл жерде чөп кандай өсөөрүнөн бери билет. Чыгармачыл топ күчтүү болушу керек. Ал эми азыркы айрым режиссерлор режиссер, продюсер, сценарист сыяктуу милдеттин баарын өз мойнуна алып алат да кашаң аттай эле кыймылдап калат. Убакытты туура бөлүштүрө албагандан тартип жагынан да аксашат. Себеби театр жана кино жаатындагы адамдардын жумушу жарым-жартылай аскер кызматкерлериникине тете.

— Чыгармачылыңызды жубайыңыз менен бирге театрдан баштасаңар керек эле?

Кыргыз улуттук академиялык драма театрында көркөм жетекчиси, КРдин Эмгек сиңирген артисти, Муратбек Рыскулов, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты Марат Козукеев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Марат Козукеев: өзүмө ишенбегендиктин азабын көп тартам
— Жубайым Сайрагүл Эсенбаева да актриса. Экөөбүздүн чыгармачылыкта келе жатканыбызга 20 жылдай болуптур. Бул аралыкта биз көп нерсени көрдүк. Алгачкы чыгармачылык жолубуз Бишкек шаардык драма театрында башталган. Андан кийин "Тунгуч" театрында иштеп калдык. Ал кезде бул театрдын төгүлүп-чачылып, жылдызы жанып турган учуру эле. Асылбек Өзүбеков, Жамал Сейдакматова, Эгемберди Чалабаев, Мурат Мамбетов, Каныбек Бекбатыров деген залкар артисттер иштеген. Ал жактан да көп тажрыйба топтодук. Ошентип "Туңгуч" театрынан кийин ортодо тыным болуп калды. Эки балалуу болдук. Ортодо Москвага чакыруулар келип жатты, бирок үй-бүлөгө, турмуш-шартка, балдарга карап бара албай калдык. Кийин Марат Амираев деген досумдун чакыруусу менен Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында 2009-жылдан тарта иштеп калдык.

© Sputnik / Табылды КадырбековТентимишов: азыр бизде маданиятка көңүл бурган адам аз. Ушул убакытка чейин бир музей, театр же чоң концерттик зал жаңыланып салынбаптыр. Ага караганда бизде кафе-ресторан, дүкөндөн көп неме жок
Известный кыргызский актер Болот Тентимишов - Sputnik Кыргызстан
Тентимишов: азыр бизде маданиятка көңүл бурган адам аз. Ушул убакытка чейин бир музей, театр же чоң концерттик зал жаңыланып салынбаптыр. Ага караганда бизде кафе-ресторан, дүкөндөн көп неме жок

— Эмне үчүн кыргыз драма театрына барган эмессиздер?

— Ал жакка деле чакыруу болду. Бирок көп чыгармалар кыргыз тилине которулган эмес. Ал эми кыргыз сахнасында улуттук темадан өтө алыстабаш керек деген эстетикалык талап бар. Орус сахнасында болсо мүмкүнчүлүк көп экен. Анын үстүнө чет элдик чыгармалар көбү орус тилине которулган.

— Маданият чөйрөсүндө иштеген адамдардын айлык маянасы аз деп угабыз. Каражат тапкан булактарыңыз барбы?

— Ооба, биздин айлык маянабыз аз. Бирок тасмага тартылып, окуу жайларда билим берип тапкан акчабызга топук кылып, уюткулуу болсун деп жашап келебиз. Азыр бизде маданиятка көңүл бурган адам аз. Ушул убакытка чейин бир музей, театр же чоң концерттик зал жаңыланып салынбаптыр. Ага караганда бизде кафе-ресторан, дүкөндөн көп неме жок. Ушундан улам да маданиятка болгон элдин кызыгуусу ойгонбосо керек. Мына алыска кетпейли, казак туугандар маданият тармагын кандай көтөрүп жатат… Маданияты өнүккөн өлкөнүн экономикасы да өнүгөт.

— Жан дүйнөңүзгө театр чукулбу же кино тармагыбы?

Султанмурат, Нургазы, Очкарик... Бала кезде кино жылдызы болгондор азыр кайда - Sputnik Кыргызстан
Султанмурат, Нургазы, Очкарик… Бала кезде кино жылдызы болгондор азыр кайда
— Мен чыгармачылыкты жаңы баштаганда кино тармагы бир аз аксап, техника жетишпеген кез эле. Театр жаатында көп тажрыйба топтоп, анын баары азыркы күнгө чейин азык болуп келе жатат. Бирок убакыт өткөн сайын театрда аткарган ролдор эч кимдин эсинде калбай калат экен. Ушул учурга чейин театрда 100дөй образ жараттым, бирок аны ким билет? Сиз азыр "Туңгучту" эстеттиңиз, а "Туңгучка" чейин же андан кийин жаралган Манкурттун, Орозкулдун, Каранын ролу же дүйнөлүк чыгармалардагы Отелло, ошол эле Дон Жуан, Дон Гуан деген чоң эмгек менен жаралган образдарчы? Булар ошол кезде көргөн муун менен кете берет экен, ал эми тасма түбөлүккө, муундан муунга берилип мурас болуп калгыдай. Ошондуктан мен бүгүнкү күндө тасмага басым жасап жатам. Эмгек тарыхта калыш керек.

— Кайсыл жактын кулунусуз, кичинеңизде эле актер болууну самачу белеңиз?

— Ысык-Ата өрөөнүндөгү Кант районуна караштуу Чоң-Далы деген айылда төрөлгөм. Атам азыркы Кант аскердик учкуч базасында эмгектенген. Апам айыл чарба жаатында иштеп, кызылча эккен, азыр аман-эсен катарыбызда. Төрт бир тууганмын.

© Sputnik / Табылды КадырбековБакыт Осмонкановдун "Ата" тасмасында башкы каармандын образын жараткан
Показ фильма Ата в кинотеатре Манас в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бакыт Осмонкановдун "Ата" тасмасында башкы каармандын образын жараткан

— Атаңыз аскер адамы болсо сиздин артист болушуңузга каршы болгон эмес беле?

— Ал киши мен кичине кезимде эле көзү өтүп кетти. Апам болсо мындан 10 жыл мурунку жараткан образдарымды көргөнгө чейин каршы эле болуп келген. Анан тасмаларга тартылып жөн жүрбөгөнүмдү көргөн соң чыгармачылыгымды колдоп калды. Азыркы апам биринчи күйөрманым.

— Сүрдүү көрүнөт экенсиз…

— Мүнөзүм ар кандай жумушта башкача, үйдө балдарыма мээримдүү атамын, апама кичине кезимдегидей эркелеген баламын. Негизи туугандарым мүнөзүң кырс, жиниң бат келет деп айтышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0