Дүйнөлүк жана ата мекендик каармандардын образын ийине жеткире аткарган актер менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы баарлашып, кесиби, үй-бүлөсү жана чыгармачылыгы тууралуу кеп кылды.
— Тасмаларга деле көп тартылбайт экенсиз, акыркы "Ата" тасмасына кандайча макул болдуңуз?
— Канча балаңыз бар?
— Үч балам бар. Улуу кызым студент, андан кийинкиси 4-класста окуйт, кичүүбүз жаңыдан 1-класстын босогосун аттады.
— Сиздин көз карашыңыз боюнча азыркы жаш, кино жаатына жаңыдан аралашып келе жаткан режиссерлор эмнеден аксайт?
— "Кыргыз керемети" деп аталган тасмалардын экрандан түшпөй келе жатканына эки кылымга чукулдап калды. Бул тасмалар эмнеси менен азыр да актуалдуу? Себеби алардын үстүнөн залкарлар иштеп, күчтүү ойлор айтылып, орчундуу маселелер көтөрүлгөн. Сценарийи курч жазылып, актерлору күчтүү болгон. Азыр айрым тасмалар бүгүн көрүлүп эртең унутулуп калып жатпайбы. Кино тартканга жараша элдин эсинде калгыдай тартып, актерлор да ошондой ойнош керек. Мисалы, Сүймөнкул Чокморов, Бакен Кыдыкеева, Таттыбүбү Турсунбаева. Булар ошол маалда кыргыздын маңдайына жанган жылдыз болуптур. Жарык жарыкты көрүп күчтүү болот дегендей, режиссер мыкты актерду алыстан көрө билиш керек.
— Азыр жаңы тажрыйба топтоп келе жаткан балдардын ишине канааттанбай, көңүл жылыбай калган учурлар болгон жокпу?
— Мурунку дейбизби же тажрыйбалуу режиссерлор менен азыркы жаш режиссерлордун айырмачылыгы эмнеде?
— Иштөө тартиби менен айырмаланышат. Мисалы, биз Москва, чет өлкөдөн келген кино топтор менен иштешип калдык. Алар менен акыркы иштешкен жумушубуз Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы болду. Булардын иштөө жааты аябай татаал, жоопкерчиликтүү жана ар бир мүнөтү алдын ала пландаштырылган. Баары бир дем менен иштешет. Чет элдик кинотоптордо экинчи режиссер деген бар. Ал баарын башкарып, жада калса эртеңки күнү аба ырайы кандай болорун, кайсыл жерде чөп кандай өсөөрүнөн бери билет. Чыгармачыл топ күчтүү болушу керек. Ал эми азыркы айрым режиссерлор режиссер, продюсер, сценарист сыяктуу милдеттин баарын өз мойнуна алып алат да кашаң аттай эле кыймылдап калат. Убакытты туура бөлүштүрө албагандан тартип жагынан да аксашат. Себеби театр жана кино жаатындагы адамдардын жумушу жарым-жартылай аскер кызматкерлериникине тете.
— Чыгармачылыңызды жубайыңыз менен бирге театрдан баштасаңар керек эле?
— Эмне үчүн кыргыз драма театрына барган эмессиздер?
— Ал жакка деле чакыруу болду. Бирок көп чыгармалар кыргыз тилине которулган эмес. Ал эми кыргыз сахнасында улуттук темадан өтө алыстабаш керек деген эстетикалык талап бар. Орус сахнасында болсо мүмкүнчүлүк көп экен. Анын үстүнө чет элдик чыгармалар көбү орус тилине которулган.
— Маданият чөйрөсүндө иштеген адамдардын айлык маянасы аз деп угабыз. Каражат тапкан булактарыңыз барбы?
— Ооба, биздин айлык маянабыз аз. Бирок тасмага тартылып, окуу жайларда билим берип тапкан акчабызга топук кылып, уюткулуу болсун деп жашап келебиз. Азыр бизде маданиятка көңүл бурган адам аз. Ушул убакытка чейин бир музей, театр же чоң концерттик зал жаңыланып салынбаптыр. Ага караганда бизде кафе-ресторан, дүкөндөн көп неме жок. Ушундан улам да маданиятка болгон элдин кызыгуусу ойгонбосо керек. Мына алыска кетпейли, казак туугандар маданият тармагын кандай көтөрүп жатат… Маданияты өнүккөн өлкөнүн экономикасы да өнүгөт.
— Жан дүйнөңүзгө театр чукулбу же кино тармагыбы?
— Кайсыл жактын кулунусуз, кичинеңизде эле актер болууну самачу белеңиз?
— Ысык-Ата өрөөнүндөгү Кант районуна караштуу Чоң-Далы деген айылда төрөлгөм. Атам азыркы Кант аскердик учкуч базасында эмгектенген. Апам айыл чарба жаатында иштеп, кызылча эккен, азыр аман-эсен катарыбызда. Төрт бир тууганмын.
— Атаңыз аскер адамы болсо сиздин артист болушуңузга каршы болгон эмес беле?
— Ал киши мен кичине кезимде эле көзү өтүп кетти. Апам болсо мындан 10 жыл мурунку жараткан образдарымды көргөнгө чейин каршы эле болуп келген. Анан тасмаларга тартылып жөн жүрбөгөнүмдү көргөн соң чыгармачылыгымды колдоп калды. Азыркы апам биринчи күйөрманым.
— Сүрдүү көрүнөт экенсиз…
— Мүнөзүм ар кандай жумушта башкача, үйдө балдарыма мээримдүү атамын, апама кичине кезимдегидей эркелеген баламын. Негизи туугандарым мүнөзүң кырс, жиниң бат келет деп айтышат.