Төлөмүш Океев 82 жашка чыкмак. Кыргыз киносунун түптөөчүсү тууралуу 9 факты

© Фото / Александр ФедоровСССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси Төлөмүш Океев(солдо). Архив
СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси Төлөмүш Океев(солдо). Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн даңазалуу кино жаратуучу Төлөмүш Океев көзү тирүү болгондо 82 жашка чыкмак. СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси, замандын залкары Океев "Бакайдын жайыты", "Уркуя", "Көк серек", "Кызыл алма", "Алтын күз", "Кожожаш" деген тасмалары менен кыргызды дүйнөгө тааныткан.

Мындан улам Sputnik маалымат агенттигинин журналисти Гүлдана Талантбекова улуу инсан тууралуу 9 факты даярдады.

Күздүн күнү көл кылаасында туулган. Төлөмүш Океев 1935-жылы 11-сентябрда Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жарыкка келген. Боз үйдө торолуп, жайлоодо өскөн. Бала кезинде эле келечегине жол издеп Фрунзе калаасына келип, №5 мектептен окуган.

© Sputnik / Александр ФедоровОкеевдин тасмаларында жөнөкөйлүк жана реалдуулук басымдуулук кылат
Неизвестные кадры из первого фильма Толомуша Океева Небо нашего детства - Sputnik Кыргызстан
Океевдин тасмаларында жөнөкөйлүк жана реалдуулук басымдуулук кылат

Гайдайдын "Ы" операциясы" тасмасында үн режиссёр болгон. Орто мектепти бүткөн соң Ленинграддагы Киноинженерлер институтунун электротехникалык факультетинде окуп, үн режиссёр адистигине ээ болот. Барган сайын киного ышкысы артып, Москвага окууга тапшырып, жогорку режиссёрлук курсту бүтүрүп келет. Чыгармачылыкта жүрүп режиссер Леонид Гайдайдын "Ы" операциясы" тасмасында үн режиссёр болуу бактысына туш болгон.

Дилором Камбарова и Суйменкул Чокморов - Sputnik Кыргызстан
Сүрөттө калган элестер. Сүймөнкул Чокморовдун элесине сүртүмдөр
Кыргызды далайга тааныткан тасмалар. "Жылкылар" аттуу даректүү тасмасы режиссёрдун биринчи эмгеги болсо, биринчи жеңиши "Бакайдын жайыты" тасмасы болгон. Бул фильм дүйнөлүк 100 мыкты кинонун катарына кирген. Дээрлик бардык тасмаларында кыргыз руху даңкталып, кыргыз жыттанып турган. Анын тасмаларында жөнөкөйлүк жана реалдуулук басымдуулук кылат.

Саясатчы Океев. 1990-1994-жылдары легендарлуу парламенттин депутаты болуп шайланган. 1993-1998-жылдары Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштеген.

Шаштырган өмүр, тартылбай калган тасма. Тартууга камдаган акыркы тасмасы "Чыңгызхан" эле. Бирок, тилекке каршы, бул ишке үлгүрбөй калган.

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүКыргыздын залкар кинорежиссеру менен белгилүү актриса Сабира Күмүшалиева
Кинорежиссер Толомуш Океев и актрисы киргизского кино - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын залкар кинорежиссеру менен белгилүү актриса Сабира Күмүшалиева

Сүйүүнүн күчү эки өлүмдөн алып калган. Жубайы Жумаш Өмүрова Кочкордун кызы, мектепте бирге билим алышкан. Ленинградда окуп жүргөндө баш кошушкан. Жубайынын айтымында, Океев үй-бүлөдө абдан боорукер, камкор, баласаак жан болгон. Аялын эки жолу өлүмдөн алып калган. Биринчисинде ракка кабылганда дарылатса, экинчи жолу болгон оокатын сатып Германиядан боорун алмаштырып берген.

Эки кыз, бир уулу бар. Улуу кызы Азиза Океева атасынын атындагы фондду түзүп, жетектеп келет. Кичүүсү Алима Океева Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунда дипломат. Уулу Искендер музыка жаатында эмгектенип, Түркияда жашайт.

© предоставлено Александром ФедоровымТөлөмүш Океев жубайы Жумаш Өмүрова менен Ленинградда окуп жүргөндө баш кошушкан
Окееву — 80 лет. Кыргызское чудо или строчка фильмов длиной в эпоху - Sputnik Кыргызстан
Төлөмүш Океев жубайы Жумаш Өмүрова менен Ленинградда окуп жүргөндө баш кошушкан

Кесипкөйлүктүн жемиши. 1985-жылы СССРдин эл артисти наамын алган. 1967-жылы Кыргызстан Ленин Комсомолунун сыйлыгын, 1972-жылы Кыргызстан Мамлекеттик, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси. 2002-жылы 1- ноябрда "Кыргызфильм" киностудиясына Төлөмүш Океевдин ысымы ыйгарылган.

Шум ажал. 2001-жылдын 18-декабрында 66 жаш курагында жүрөк оорудан Анкарада каза таап, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0