11:53 27 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8443
  • EUR77.1640
  • RUB1.1301
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
91801

Салттуу маданияттын тарыхын тереңден казып, ошону менен бирге бүгүнкү күн менен кадамдаш болгон Миррахим Опоштун жасаган иши көп кишиге үлгү.

Кесиби боюнча философ, Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин мугалими Миррахим Опош мырза эски менен жаңыны айкалыштырып, кыргыз мырзаларынын кийимин жасап жатканына төрт-беш жылдын жүзү болду. Ал негиздеген "Шерден" мода үйү да көптүн көңүлүн бурууда. 

Дизайнер Миррахим Опош во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Дизайнер Миррахим Опош: улуттук жүзүбүздү сактайлы деген тилекте алгач калпак, чапан, тик жака көйнөктөрдү тиктирип кийип жүрчүбүз. Он беш жыл мурунку Бишкек шаарын элестетсеңер, Батыштын жылт эткен жакшылыгын, баалуулугун туу туткан жаштардардын агымында мени, мен өңдөнгөн башка жаштарды жапайы санашчу

— Кесибиңиз философ болуп туруп, жигиттердин кийим модасына кандайча аралашып калдыңыз?

— Кыргыз улуттук кийимдерин эле эмес, маданий мурастарын, салт-санаасын кайра жандандыруу багытында аракетибиздин башталганына 15 жыл болуп калды. Улуттук жүзүбүздү сактайлы деген тилекте алгач калпак, чапан, тик жака көйнөктөрдү тиктирип кийип жүрчүбүз. Он беш жыл мурунку Бишкек шаарын элестетсеңер, Батыштын жылт эткен жакшылыгын, баалуулугун туу туткан жаштардардын агымында мени, мен өңдөнгөн башка жаштарды жапайы санашчу. Башкасын айтпаганда да кыргызча сүйлөгөндөн уялчубуз.

Ошондо биз катуу ардандык, намыстандык, кыргыз элинин баалуулуктарын башкага алмашпаганга чындап чымырканып, кийимден баштасак деген чечимге келдик да, "Шерден" мода үйүн демилгелеп баштадык.

— Биз билгенден сиз тиккен кийимдер салттуу багытта. Эскини эптештирүүнүн канчалык зарылчылыгы бар?

— Жогоруда айткандай ааламдашуу араанында кыргыздын улуттук жүзүн сактап калуу биздин тилегибиз болгон. Анын бир бөлүгү саналган улуттук кийимдер, алардын ичинде мырзалардын кийимдери заман талабы болчу. Анткени, адамдын көркү чүпүрөк да. Ал эми эскини кайра жандандыруу — бул кыргыздын өзөгүнө кайрылуу, тамырына үңүлүү.

Албетте, элүү жылда эл жаңы, заман агымы менен кошо өнүгүүгө умтулууга тийишпиз, бирок салттуу мурасты кайра жандандырып, заманга ылайыктап, бычымын алсак, оюусун калтырып, же тетирисинче оюусун алсак бычымын өзгөртүп жасап жатабыз.

Манас атанын, Алмамбет, Сыргак, Чубак аталардын, Курманбек баатырдын, кыргызга кызмат кылган бардык баатыр аталардын шер мүнөзү, шер деми кыргыз жигиттерине кайрылып келсин, кыргыз жигиттери шер болсун, заманга ылайык баатырлар болсун деген изги тилекте мода үйүн "Шерден" деп атадык.

  • Миррахим Опош: адамдын көркү чүпүрөк да. Ал эми эскини кайра жандандыруу — бул кыргыздын өзөгүнө кайрылуу, тамырына үңүлүү.
    Миррахим Опош: адамдын көркү чүпүрөк да. Ал эми эскини кайра жандандыруу — бул кыргыздын өзөгүнө кайрылуу, тамырына үңүлүү.
    © Фото / предоставлено Миррахимом Опошем
  • Миррахим Опош: Манас атанын, Алмамбет, Сыргак, Чубак аталардын, Курманбек баатырдын, кыргызга кызмат кылган бардык баатыр аталардын шер мүнөзү, шер деми кыргыз жигиттерине кайрылып келсин, кыргыз жигиттери шер болсун, заманга ылайык баатырлар болсун деген изги тилекте мода үйүн Шерден деп атадык
    Миррахим Опош: Манас атанын, Алмамбет, Сыргак, Чубак аталардын, Курманбек баатырдын, кыргызга кызмат кылган бардык баатыр аталардын шер мүнөзү, шер деми кыргыз жигиттерине кайрылып келсин, кыргыз жигиттери шер болсун, заманга ылайык баатырлар болсун деген изги тилекте мода үйүн "Шерден" деп атадык
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов
  • Дизайнер Миррахим Опош
    Дизайнер Миррахим Опош: биз өтүккө жете элекпиз, баш кийим менен көйнөк-шымдар, сырткы кийимдерди жасап жатабыз
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов
1 / 3
© Фото / предоставлено Миррахимом Опошем
Миррахим Опош: адамдын көркү чүпүрөк да. Ал эми эскини кайра жандандыруу — бул кыргыздын өзөгүнө кайрылуу, тамырына үңүлүү.

— Мода үйү заманбап мырзаларга эмне берет?

— Байыркы башатта баары сакталган. Баам салсак, андагы баатырлардын сүрү, дымагы, деми, сымбаты башкача болуптур. Анын баарын сынына келтирип турган кийимдери болгон да. Башкасын албаганда да баш кийим калпактын жарашыгы кандай? Көн өтүктүн өзүндө теринин иштелиши менен ою түшүрүлүп, өкчө кагылып, таман салынышында көркөмү менен сапаты, жарашыгы менен көрүнүшү төп келген. Азыр биз өтүккө жете элекпиз, баш кийим менен көйнөк-шымдар, сырткы кийимдерди жасап жатабыз.

"Кыргыздын жигиттерине ошол баатыр аталардын демин берсин, дымагын ойготсун, кыргыздын жигиттеринин бою кубаттуу, колу карылуу болсун, жүрөгүндө кыргыз деген намысы ойгонсун" деген аруу тилектерди кагазга сүрөтүн түшүрүп жаткандан тартып тигилип бүткөнгө чейин, бүктөлүп, баштыкка салынганга чейин тиленип, сиңиребиз. Андан тышкары, бул кийимдер кыргыз жигитин кыргыз жыттантып, ыңгайлуу болот, эркин кыймылдаганга шамдагайлык берет. 

Дизайнер Миррахим Опош во время путешествия
© Фото / предоставлено Миррахимом Опошем
Дизайнер Миррахим Опош: кийимдер табигый пахта кездемелерден, зыгырдан (лен — ред.), каалоочуларга жибектен жасалат

— Силер сунуштап жаткан кийимдердин өзгөчөлүгү эмнеде?

— Кийимдер табигый пахта кездемелерден, зыгырдан (лен — ред.), каалоочуларга жибектен жасалат. Алардын артыкчылыгын билебиз. Кишини кыспайт, ыңгайлуу. Андан сырткары, оюу түрлөрдүн мааниси да изилденип, ар бир кишинин мүнөзүнө, тагдырына оң таасирин тийгизе турган оюу, түрлөр, белгилер салынат. Төбөлүү баш кийим кийсе төбөсү көтөрүлөт дешет, башкача айтканда, кишиге оомат, дөөлөт чакырат экен. Ал эми кийимдердин түстөрү да турпатына жараша тандалып, кишинин маанайын, керек болсо турмушун оңуна өзгөрткөнгө жардам берет.

Тема боюнча

Кыргыз, казак жылдыздарын кийинткен баткендик бала. Жадатма буюмга жашоо коротпогула
Дилбар Ашимбаева: Раиса Атамбаева сындуу болгондуктан кийим тандоо оор эмес
Италиялыктарга бут кийим, япондорго саат жасап берген Искендер
Белгилер:
салт, кийим, маданият, Миррахим Опош

ЭҢ МААНИЛҮҮ