Кесиби боюнча философ, Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин мугалими Миррахим Опош мырза эски менен жаңыны айкалыштырып, кыргыз мырзаларынын кийимин жасап жатканына төрт-беш жылдын жүзү болду. Ал негиздеген "Шерден" мода үйү да көптүн көңүлүн бурууда.
— Кесибиңиз философ болуп туруп, жигиттердин кийим модасына кандайча аралашып калдыңыз?
— Кыргыз улуттук кийимдерин эле эмес, маданий мурастарын, салт-санаасын кайра жандандыруу багытында аракетибиздин башталганына 15 жыл болуп калды. Улуттук жүзүбүздү сактайлы деген тилекте алгач калпак, чапан, тик жака көйнөктөрдү тиктирип кийип жүрчүбүз. Он беш жыл мурунку Бишкек шаарын элестетсеңер, Батыштын жылт эткен жакшылыгын, баалуулугун туу туткан жаштардардын агымында мени, мен өңдөнгөн башка жаштарды жапайы санашчу. Башкасын айтпаганда да кыргызча сүйлөгөндөн уялчубуз.
Ошондо биз катуу ардандык, намыстандык, кыргыз элинин баалуулуктарын башкага алмашпаганга чындап чымырканып, кийимден баштасак деген чечимге келдик да, "Шерден" мода үйүн демилгелеп баштадык.
— Биз билгенден сиз тиккен кийимдер салттуу багытта. Эскини эптештирүүнүн канчалык зарылчылыгы бар?
Албетте, элүү жылда эл жаңы, заман агымы менен кошо өнүгүүгө умтулууга тийишпиз, бирок салттуу мурасты кайра жандандырып, заманга ылайыктап, бычымын алсак, оюусун калтырып, же тетирисинче оюусун алсак бычымын өзгөртүп жасап жатабыз.
Манас атанын, Алмамбет, Сыргак, Чубак аталардын, Курманбек баатырдын, кыргызга кызмат кылган бардык баатыр аталардын шер мүнөзү, шер деми кыргыз жигиттерине кайрылып келсин, кыргыз жигиттери шер болсун, заманга ылайык баатырлар болсун деген изги тилекте мода үйүн "Шерден" деп атадык.
— Мода үйү заманбап мырзаларга эмне берет?
— Байыркы башатта баары сакталган. Баам салсак, андагы баатырлардын сүрү, дымагы, деми, сымбаты башкача болуптур. Анын баарын сынына келтирип турган кийимдери болгон да. Башкасын албаганда да баш кийим калпактын жарашыгы кандай? Көн өтүктүн өзүндө теринин иштелиши менен ою түшүрүлүп, өкчө кагылып, таман салынышында көркөмү менен сапаты, жарашыгы менен көрүнүшү төп келген. Азыр биз өтүккө жете элекпиз, баш кийим менен көйнөк-шымдар, сырткы кийимдерди жасап жатабыз.
"Кыргыздын жигиттерине ошол баатыр аталардын демин берсин, дымагын ойготсун, кыргыздын жигиттеринин бою кубаттуу, колу карылуу болсун, жүрөгүндө кыргыз деген намысы ойгонсун" деген аруу тилектерди кагазга сүрөтүн түшүрүп жаткандан тартып тигилип бүткөнгө чейин, бүктөлүп, баштыкка салынганга чейин тиленип, сиңиребиз. Андан тышкары, бул кийимдер кыргыз жигитин кыргыз жыттантып, ыңгайлуу болот, эркин кыймылдаганга шамдагайлык берет.
— Силер сунуштап жаткан кийимдердин өзгөчөлүгү эмнеде?