08:08 26 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7911
  • EUR103.2162
  • RUB1.1327
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
939 0 0

Колумнист Нуржигит Кадырбеков бала балакатка жетип акыл-парасаты жетиле баштаганда өз ысымы үчүн шагы сынып, көңүлү түшпөгөндөй, ата-энесине нааразы болбогондой нарктуу ысым табуу милдет экенин эске салды.

Бала туулган соң ага жакшы ысым ыйгаруу парз. Анткени адамдын аты затына таасир этет дешет. Анда, Боку, Шалтак, Шуркуя, Сасык, Карга, Былык сыяктуу биз угуп, билип жүргөн аттар кантип коюлуп калган десең? Анын да жүйөлүү себептери болсо керек. Балким баланын жаркын жамалына, балдай тилине, бейиштей жытына тийчү көз, анын ысымына бурулуп, ошондон ары ойрон болсун деген ниеттир. Бирок тек гана тамаша кылып же бирөө менен мелдеше кетип, болбосо уккан-көргөндү таңдантуу үчүн ошондой опасыз ат берүү — наристенин алдындагы өтө чоң кыянаттык. Ал байкуш "кой, мындай ысымды кабыл ала албайм" деп туулар замат кантип айтмак эле? Деген менен ошол атты жагабы-жакпайбы, өмүрү өткөнчө көтөрүп жүрүүсү бар. Өзгөчө какшык-шакабага жакын биздей элде мындай ысым менен жашоо өзүнчө бир азап. Кийин ал ат канча адамдын фамилиясы жана отчествосу катары өмүр учугун улайт. Ошондуктан бала балакатка жетип, акыл-парасаты жетиле баштаганда өз ысымы үчүн шагы сынып, көңүлү түшпөгөндөй, ата-энесине нааразы болбогондой нарктуу ысым табуу милдет.

Кылымдардын катаал сыноолорунан аман-соо, саламат өткөн кыргыз элинин да балага ат коюу маданияты өзгөчө. Ошонун айрым шарттарына токтолоюн.

Адамгерчилик, сый-урмат

Төрөлгөн баланын ата-энеси, демейде, ага ат берүү укугун өзүнөн улуу жакын адамдарына ыроолойт. Уулума же кызыма ак бата берип, ысым ыйгарыңыз деп биринчи кезекте өз ата-энелерине кайрылышат. Алар өз кезегинде чоң ата-чоң энеге, айрым учурларда таята-таенеге ушул сыймыктуу озуйпаны өтөөгө жол бошотуп беришет. Чүрпөсүнө өз алдынча ат тандоо — адепсиздиктин, салт билбестиктин белгиси катары бааланган.

Ат коюу акысына ээ болгондордун ана башында айылдын аксакалдары, аалымдар, олуялар, устаттар, бий-төбөлдөр да болушкан. Бул ысымды түкүн залкар, балан баатыр ыйгарган деп айтуу да өзүнчө бир сыймык эмеспи.

Беделдүү-белдүү адамдардын алдынан өтүп, анын атын өз бөбөгүнө ыйгарууга уруксат суроо салты да бар бизде.

Ушундай жолдор менен ата-эне бир канча максатка жеткен. Биринчиден, атын сиз коюп бериңиз деген кичипейилдик кимдин гана болбосун жүрөгүн жылытпай койбойт. Жүрөктүн жылышы жана жибиши — бул берилген ак батанын дал өзү. Экинчиден, аны-муну көбүрөөк көрүп, тереңирээк билген улуу адамдардан, дагы да олуттуу сунуш, салакалуу акыл чыгары чындык. Үчүнчүдөн, бул — көңүл алуунун мыкты жолу. Таарынышкандарды табыштырчу, тааныштарды жакындатчу, жакындын жакындыгын, кымбаттыгын тастыктачу адамгерчилик ишарат. Төртүнчүдөн, чыгаан адамдарга ат койдурууда ошолор багынткан бийиктикти балам да ашып өткөй деген купуя тилек камтылган.

Азан жана аттын салмагы

Атты баланын оң кулагына азан, сол кулагына комат айтып, анан коюу шарты жана салты бар. Көпчүлүгү бала төрөлүп, бир канча күн төрөт үйүндө жатып, анан үйүнө келип, ат коёлуга келгенде гана атайын молдо чакырып, анан азан айттырат баланын кулагына. А чынында бул милдет үчүн молдо чакыруу шарт эмес. Ата өзү, же дагы башка жакындары деле даарат алып, дене менен дилди аруулап туруп айтса болот азанды. Баланын ырыстуу болушун тилеп, бул дүйнөдөгү эң алгачкы укканы ыйман сөзү болсун деп, ал төрөлөрү менен кулагына азан айткандар бар. Ал үчүн балага ат тандалышын күтүү талабы жок.

Кээ бир аттарды оор деп балага коюшкан эмес. Мисалы, Манас деген атты ар кимге эле жараша бербейт, көтөрүү оор деп эсептегендер бар. Мен мурда мындай ат бала үчүн оор деп ойлочу элем. Көрсө, бала үчүн эмес, анын ата-энеси, жакындары, чөйрөсү үчүн оор болот тура. Ата-эне деген баланы кээде урушат, ага ачуу жана катуу айтат. Ага-эженин, тууган-туушкандын деле айрым учурда оозунан ак итип кирип, кара ит чыга тилдеши боло жүрчү көрүнүш. Бирок "Ээ, Манас" деп атын атап, баланы сөгүү же каргоо — кандай бейопа көрүнүш. Балаңа пайгамбардын, баатырдын, аалымдын же жөн гана ардактуу, сыйлуу инсандын атын берген соң ошого жараша сый-урмат көрсөт. Атамдын көзү өткөн соң агамдын уулу төрөлүп, аны Кадырбек деп атоону ойлонуп, кайра баш тартканбыз. Анткени бала тентектик кылса ачуу менен Кадырбек атанын атына акарат келтирүүдөн корккон элек.

Ызат-аброй ыйык

Адамдын лакап аты деген болот. Ал атты эч ким ыйгарбайт. Адам жүрүмү-туруму, адаттары жана амалдары менен өзүнө-өзү коёт. Макалды көп айткандарды "баланча макалчы", кем сүйлөгөндөрдү Тургеневдин "Мумусундагы" дудукка теңеп "Герасим", бак өстүрүүгө кызыккандарды "Мичурин", көп сүйлөгөндү "түкүн маңыз" деп атап алмайыбыз ошондон.

Бирок адамды анын өзүнө же жакындарына жакпас лакап ат менен атоого болбойт. Шылдың менен ат ыйгарып, аны күлкүгө айлантуу аракети андан да оор күнөө. Анткени адамдын ызаты жана аброю өмүр сыяктуу, балким андан да кымбат нерсе. Ким аны кемсинтип тебелесе, адам акысына кирип, амал китебине жазылып, акыретте катаал жоопко тартылмайы бар дешет.

Ошол эле мезгилде жакшы аттарды тандоодо да абайлоо зарыл дешет билгендер. Мисалы, Береке деген аттуу адам бир жакка кетсе, сурагандарга "Береке кеткен", "Береке жок" деп айтууга туура келет. Сөз чындыкты чакырат дейт эмеспи. Жараткан жашообузду берекеге маарытып, андан айрыбасын, ылайым.

Айтор, Жараткан бала берсе, же бирөөгө ат коюу озуйпасын ыйгарса, анда акыл калчап, жакшы ниет менен мыкты, мааниси терең, ак бата жана аруу тилекти камтыган ысым тандайлы. Бул өтө чоң жоопкерчилик жана бийик аманат.

Тема боюнча

Туягынан от чыгып... "Манас" эпосундагы аргымактарды билесизби? 1-бөлүк
Максемус, Акбалбан, Девора... КРде балдарга кандай ысымдар берилүүдө
Белгилер:
ата-эне, бала, ат, ысым

ЭҢ МААНИЛҮҮ