00:53 20 Аяк оона 2017
Түз эфир
Бүркүтчү, Архивдик сүрөт

Башы чоӊ киши — акылман, башы аман киши — бактылуу. Баш тууралуу учкай кеп

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Шаакан Токтогул
52620

Баш, башчы, башкаруу... Баары баштан башталат, бардык нерсенин башы бар. Бул сапар баштын баа-баркы, баяндамасы менен ой бөлүшкүм келди.

Баштын сыны

Элдик билимде кишинин башына карап бир нече сын берилери белгилүү. Алсак, чоң баштууларды акылдуу десе, жазы маңдай жигиттин эрдигинен кабар берген. Ал эми каш менен чачтын ортосу өтө алыс болсо кишини кеменгер дешкен. Аял кишинин башы кичинекей болгону кемчилдик эмес, тетирисинче аны көркүнө чыгарып турган, эркектин кичине баштуусун акылы аз деп төмөн баалашкан. Баштын териси тартылып, сөөккө жабышып турганы кишинин турмуштук мол тажрыйбасын, көрөгөчтүгүн айтып турган.

Андан сырткары, киши басып баратканда баштын абалына карап да түрдүү сын берилгени маалым. Атап айтканда, башын тик алып жүргөн адамды намыстуу, өз ордун билген, абийири таза деп санашып, башын бир аз оӊ жагына же сол жагына ийип жүргөндөрдү кыялкеч, ойлоп тапкыч деп сын беришкен. Башын жерге салып жүргөн адамдын оор кайгысы бар экенин билишкен.

Киши менен бет маӊдай келгенде башын жерге салып турган эр кишинин мажүрөө, мокок экенин болжошуп, андан сырткары, мындай жигиттердин арамзалыгы болорун, көптүн башына күн түшкөндө элди сатып кетерин айтышкан.

Баары баштан башталат…

Баш кишинин тулку денесинин баарын башкарып турат. Аракетинин, сүйлөгөн сөзүнүн, караган көзүнүн, айтор киши кыймылынын баарына жоопкер. Ошондуктан жосунсуз жорук жасаган баланы "башыӊ барбы", сабак билбеген баланы "башыӊ иштейби" деп урушат. Турмуштук тажрыйбасы мол кишилерди, эшик ачып бешик түрткөн аялдарды "башы бышкан" десе, чыдамдуу кишилерди "башы катуу" деп коёбуз. Жаӊы бойго жеткен кыз-жигиттерди "башы жаш" деп аяйбыз. Баласы жок же жалгыз кишилерди "башка чукак" деп боор ооруйбуз.

Ал эми билерман, эл билген кишилерди "баш билги" деп даӊктайбыз. Өз билгенин жасаган жакындарыбызды "баш бербейт" деп жаман көрөбүз. Кырсыктан аман калган жакындарыбыздын башын куттуктайбыз. Өзүн мактап, кылган ишин элге жар салгандарды "баш койкоӊ" дейбиз. Келин келсе "баш кошулду" деп кубанабыз.

Балык башынан сасыйт…

Ал эми кара ниет, көӊүлү түз эместерден "баш териси бузук экен" деп алыстайбыз. Жүргөн-турганы шайдоот, кишиге жагымдуу келин-кыздарды, жигиттерди көпчүлүктөн байкап калсак "баш териси оӊ экен" деп кубанабыз. Бийликтегилердин баарын башкаруучулар, башчылар дейбиз. Элге иштесе кубанабыз, элге карасанатайлык кылса, анын айынан эл жабыр тартса, тескери аракети менен элге билинсе "балык башынан сасыйт" деп муӊканабыз.

Жогоруда айткандай кишинин өзүн, өзөгүн, кармап турган баш болгондуктан анын бардык аракетине башы жоопкер. Ал эми элдин башы ажо, анын тегерегиндеги билгилер, жасоолдор болгондуктан, аларга башчылык буйруп, элди башкарып жаткандыктан, элдин абалына, өлкөнүн өнүгүшүнө, жергебизде болуп жаткан жамандык-жакшылыктардын баарына алар жоопкер.

Баш канжыгада

Байыркы башатта киши башы өтө жогору бааланган. Аны жараткан гана кайра алат деп ишенишкен, ошондуктан бирөөнүн башына чыккынчылык кылынган эмес. Ал эми жоокерчилик заманда аялдардын, тукум улаган балдардын башы жогору бааланып, аларды сактап калууга эр жигиттер бар аракетин жумшаган. Ар дайым ат үстүндө түрдүү кырдаалга шайма-шай эрендер "баш канжыгада, кан көөкөрдө" дешкен. Колу сынса ийинге таӊып, буту сынса үзөӊгүгө байлап, ийинден баш ыргыганда гана душманга жеӊилген эсеп болгон. Кыл чайнашкан кармаштарда башы ыргыган баатырдын денесин атына таӊып, башын канжыгага байлап алып кетишкен. Ошондуктан жоого киргенде баш канжыгада деп айтышкан.

Баш байлоо

Көчмөн доорунда кыздарды кичине кезинен кайындап коюп, кайындуу кызды сурагандарга "башы ачык эмес" дешкен. Кыз да өз каадасы менен чоӊоюп, болочок жубайына биротоло баш байлаган. Ал эми жортуулдарда каза тапкан эрдин жубайынын башы ачык деп саналып, анын эрки өзүндө болгон. Көбүнчөсү балдарымды кор тутпайт деп күйөөсүнүн жакындарына баш байлап, ага баш калкалаган.

Баш аман болсун…

Соӊунда айтаарым, баш аман, боор бүтүн болсок жакшылыктар дагы алдыда. Бөлөк жер, бөтөн элде жүргөн жакындарыбыздын башы да ай жүрсүн, аман жүрсүн. Ар бир кыргыздын алтын башы аман болуп, жакшылыкка башат болгон, жакшы нукта жашасын. Журтубузда башаламандык болбой, башка баш кошула берсин. "Баштуу тойдун ыры көп" дегендей, ар бүлө баштуу болсун, элибиз баштуу болсун.

Тема боюнча

Конуш жайлуу болсун! Өрлүктөө салтынын маани-маңызы
Кара койдун сөөгүн кепинге ороп жерге беришкен... Түлөө берүү жөрөлгөсү
Белгилер:
колумнист, баш, Шаакан Токтогул

ЭҢ МААНИЛҮҮ