Манжылы Атанын тарыхы
Ысык-Көл мурун Ыйык-Көл деп аталчу дешет санжырачылар. Анда кыргыздын куту бар деп жүз чайкап, кечмек тургай өтө аяр мамиле жасашчу экен. Ошол касиеттүү көлдүн Теңирдин мээри түшкөн тескей жээгинде жайгашкан Манжылы Ата мазары кыргыз эли Алтай менен Кангайга, Эрен менен Тереңге кетээрден мурун белгилүү болуптур. Уламыштарга караганда Жакып ата менен Чыйырды эне кыргызды кыйын күндөн куткараар Айкөл Манас атаны дал ушул жерден тилеп алган. Ошондон бери "Манас жылга" деп аталып, кыскарып отуруп, Манжылы болуп калган экен.
Он эки булактын он эки касиети
Арбагы күчтүү Мойт аке
Бугу уруусунан чыккан Белек хандын түз урпагы Мойт аке олуялыгы күчтүү болуп, батасы менен калкына жарыгы тийген. Каргышка калган сан жылкылуу Сарыбайдын уулдарына жаш сурап бергени дагы да болсо ооздон-оозго өтүп келет. Ал өлөөрүндө бүркүтүм кайсы жерге консо ошол жерге сөөгүмдү жашыргыла деп керээз калтырат. Анын бүркүтү дал ушул Манжылы Атага учуп келген экен. Эскерте кетчү жагдай, Мойт акеге чейин каза болгон аттуу-баштуулардын сөөгүн Арыстанбапка алпарып коюу салт болгон. Анткени, калмак сүргүндө Кетмен-Төбөдөн Анжиянга чейин отурукташкан кыргыз Арыстанбапты орток мазар кылып, аттуу-баштуулар ошол жерге гана көмүлчү экен. Мойт акеден кийин бул салт токтогон дешет.
Базарга айланган мазар
Быйылкы жылдагы эс алуу учурунда белгилүү мазарларды кыдырып келүүнү самап жолго аттанганбыз. Чүй, Таластан кийин эле Манжылыга барып конуп калдык. Мамиле баштагыдан өзгөргөн. Ал жерлерди тейлегендердин мамилеси да келген кишилерге орой экендигин байкадым. Эки жолу суранып жатып чай кайнатып алдым эле, эртеси 500 жүз сом бересиз деп калышты (мурун өз каалообуз менен кутучага көңүлдөн чыккан сумманы таштап кетчүбүз). Эмнеге десем "жаткан жериңизге 300 сом, анан чайнекти пайдаланганыңыз үчүн 200 жүз сом" дешти.
"Чыракчыбыз" деп, эптеп окуган куранына акы талап кылгандары айрыкча кыжырды кайнатты. Ошондо келгендерден бир кишинин "биз таарынсак эч нерсе эмес, ушул жерди байырлаган арбактар таарынбасын, Кудай таарынбасын, мазар өзү иргеп коет дечү эле…" дегени азыр да кулагыма жаңырып турат.
Соңку сөз
Кудайдын мээри түшкөн ыйык жердин баркына жетип аярлап мамиле жасагандын ордуна келген кишинин чөнтөгүнө карап, колундагы тыйынын санап отурган көрпенделерди карап отуруп, Таластагы "Манас ордодой" же болбосо Оштогу "Сулайман тоодой" бул жерди дагы мамлекет өз карамагына алса деген ой келди.
Биз билгенден мазар — эл-жердин байлыгы. Келген киши өз ырымын жасап, изги тилегин орундатчу жер. Андай ыйык жерде келген-кеткендерге эч кандай тоскоолдуктар болбоого тийиш деп эсептейм. Калганын калк таразалаар, Кудай таразалаар… Журттун касиети артып, каадасы бекем болсун деп тилек кылалы…