Кеткибиз келбей калды. Ошто иштеген россиялык мугалимдердин видеосу

Жазылуу
Күнөстүү Ош шаарына көнүп калдык, окууга умтулган балдар менен достоштук, кайра кеткибиз келбейт. Россиядан келген мугалимдер ушундай маанайда жүргөнүн айтышты.
Кыргызстандын билим берүү тармагына көмөктөшүү үчүн Россиядан 29 мугалим жиберилген. Алардын бири 30 жылдык тажрыйбасы бар педагог Оксана Хамидуллина. Ал Ошко Башкыртстандын Уфа шаарынан келген, Макаренко атындагы №6 мектеп-гимназиясында 4-класстын жетекчиси.
"Алгач келе жатканда бир да бала орус тилин билбеген класска туш келип калабызбы, алар менен кантип сүйлөшөбүз? Кол жаңсап, мимика менен пикир алышабызбы деп кооптондук. Бир класста 45-50, андан да көп окуучу бар экенине таң калдык, кантип окутабыз деп сарсанаа болгонбуз. Көрсө, анчалык деле кыйын эмес экен, башкысы — тартип, балдардын маанайы. Алар окугусу келет, мындайда 100 бала болсо да кыйын эмес. Балдар мени түшүнөт, мен да аларды түшүнөм. Россиядагы балдардан айырмаланат деп айта албайм. Ошол эле билүүгө умтулган көздөр, окууга кызыккандар", — деп баяндады мугалим.
Хамидуллина былтыр карантиндик чектөөлөр болгондуктан алгач онлайн режиминде окуткан. Февралга гана келип окуучулары менен бетме-бет көрүшкөн. Быйыл жолдошу дагы келип, шаардагы башка мектепте математика сабагын окутуп жатат.
© Sputnik / Табылды КадырбековОксана Хамидуллина 30 жылдык тажрыйбасы бар мугалим. Ал былтыр Башкыртстандын Уфа шаарынан Ошко келген.
Школа №6 им. Макаренко в городе Ош - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2022
Оксана Хамидуллина 30 жылдык тажрыйбасы бар мугалим. Ал былтыр Башкыртстандын Уфа шаарынан Ошко келген.
"Ызгаардуу шаардан чыксак, күнөстүү шаар тосуп алгандыктан аябай бактылуу болдук. Биринчи дем алыш күнү Сулайман-Тоого чыгып, максаттарыбыздын ишке ашышын тилеп келдик. Ош бизге аябай кызык болду, биринчи жолу келип жатпайбызбы. Былтыр февралда келгенде үч айыбыз балдар менен, Кыргызстандын жаратылышы менен таанышканча эле бат өтүп кетти. Өзбекстанга барганга, Кыргызстанды кыдырганга жетиштик", — деди Хамидуллина.
Ушул эле мектепте орус тили жана адабияты мугалими Сания Эркаева да эмгектенет. Ал буга чейин Тажикстанда иштеп келген.
© Sputnik / Табылды КадырбековОрус тили жана адабияты мугалими Сания Эркаева буга чейин Тажикстанда иштеп келген.
Школа №6 им. Макаренко в городе Ош - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2022
Орус тили жана адабияты мугалими Сания Эркаева буга чейин Тажикстанда иштеп келген.
"Бул долбоор Кыргызстанда дагы ачылып жатканын укканда барып өзүм сурандым. Себеби Тажикстанда тил жагынан кыйналасың, тажик тилин билбейм, өзүм астрахандык казакмын. Кыргыздар казактар менен жакын эл болот эмеспи. Кыргызстандагы жаштар аябай жакшы, "азыркы жаштар тигиндей-мындай" деп бекер эле айтып жатышат. Мен муну ар дайым айтып келем. Бир гана билим берүү системасы өтө көп салым жасоону талап кылат. Биз мугалим-окуучу эмес, жөн гана доспуз. Бири-бирибизди тамашалайбыз, сырдашабыз. Россиянын жүрүм-турум стили, менталитети бир аз башкачараак эмеспи. Андыктан аларга кызык болот", — деди Эркаева.
Ошондой эле ал белгиленген программаны гана окутуп тим болбостон класстан тышкары иш-чараларды дагы өткөрөрүн кошумчалады.
"Мен алардын патриоттук сезимин ойготуп, мекенди, өзүнүн маданиятын сүйүүнү үйрөткүм келет. Эгер алар өздөрүнүн маданиятын баалабаса, анан кантип орус адабиятын, маданиятын баалайт? 28-январда Пушкиндик балл өткөрдүк. Мындай иш-чара бул шаарда такыр болгон эмес деп айта албайм, бирок көп жылдан бери биринчи ирет өттү. Биздин долбоор канчага чейин созулат билбейм, бирок мен эч жакка кетким келбейт. Былтыр жайкы каникулда Ошто эле калгам. Жумушка чыгып жаттым", — деди педагог.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Россиялык мугалимдердин үчөө Макаренко атындагы №6 мектеп-гимназиясында эмгектенет.

Россиялык мугалимдердин үчөө Макаренко атындагы №6 мектеп-гимназиясында эмгектенет. - Sputnik Кыргызстан
1/4

Россиялык мугалимдердин үчөө Макаренко атындагы №6 мектеп-гимназиясында эмгектенет.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Эркаева: Биз мугалим-окуучу эмес, жөн гана доспуз. Бири-бирибизди тамашалайбыз, сырдашабыз.

Эркаева: Биз мугалим-окуучу эмес, жөн гана доспуз. Бири-бирибизди тамашалайбыз, сырдашабыз. - Sputnik Кыргызстан
2/4

Эркаева: Биз мугалим-окуучу эмес, жөн гана доспуз. Бири-бирибизди тамашалайбыз, сырдашабыз.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Бир класста 45-50 окуучу отурганы алгач россиялык мугалимдерди тынчсыздандырган

Бир класста 45-50 окуучу отурганы алгач россиялык мугалимдерди тынчсыздандырган - Sputnik Кыргызстан
3/4

Бир класста 45-50 окуучу отурганы алгач россиялык мугалимдерди тынчсыздандырган

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Оксана Хамидуллина 4-класстын жетекчиси

Оксана Хамидуллина 4-класстын жетекчиси - Sputnik Кыргызстан
4/4

Оксана Хамидуллина 4-класстын жетекчиси

1/4

Россиялык мугалимдердин үчөө Макаренко атындагы №6 мектеп-гимназиясында эмгектенет.

2/4

Эркаева: Биз мугалим-окуучу эмес, жөн гана доспуз. Бири-бирибизди тамашалайбыз, сырдашабыз.

3/4

Бир класста 45-50 окуучу отурганы алгач россиялык мугалимдерди тынчсыздандырган

4/4

Оксана Хамидуллина 4-класстын жетекчиси

Аны менен катар россиялык мугалим кыргызстандык жаштардын коомдук транспортто улууларга орун бошотуп берүү тартибине суктанарын белгиледи.
Макаренко атындагы №6 мектеп-гимназиясынын директору Елена Будникова Россиядан келген мугалимдерди чыгармачыл, активдүү, талапты коё билген деп сыпаттады.
Окуучулар сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2022
Министрлик мектепте 12 жыл окуунун артыкчылыктарын тизмектеп берди
Жаңылыктар түрмөгү
0