Азияны багынтып, иштин көзүн тапкан майыптыгы бар өнөрпоздор. Дем берчү видео

© Sputnik / Табылды КадырбековОшМУнун искусство факультетин бүтүрүүчүсү Алиман Кадырова
ОшМУнун искусство факультетин бүтүрүүчүсү Алиман Кадырова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2022
Жазылуу
Мукам үндүү ырчы, сөздүн асылын терген акын, Азияны багынткан спортчу жана эмгекке умтулган кайраткер. Мындай мүнөз, сыпаттамалар биздин сюжеттеги каармандарга таандык.
Sputnik Кыргызстан агенттиги Ош облусундагы майыптыгы бар өнөрпоздордун ташкындаган таланты менен тааныштырат.
Коомчулукта мындай категориядагы адамдар ар дайым жардамга муктаж, алсыз, үй-бүлө күтө албайт, майыптыгы менен гана алпурушуп отурат деген түшүнүк бар. Эгер сиз да ошентип ойлоп жатсаңыз жаңыласыз. Биздин каармандар ал стереотипти талкалап, алты саны аман кишилерден айырмасы жок экенине ынандырат. Алар "байкуш" деген сөздү жаман көрүшөт.

Сүйгөн кызыма үйлөндүм

Нуртилек Касым уулу кол күрөш боюнча Азия чемпиону, Sports Awards-2021 версиясы боюнча Кыргызстандын мыкты спортчусу аталган.
"Азия чемпионатына эки жолу катышып, биринен алтын, кийинкисинде күмүш медаль уттум. Ал эми облустук, республикалык турнирлерде мага атаандаш калбады десем болот. Дени сак адамдар менен да кол күрөштүрөм. Өзүбүздүн айыл өкмөттө эки жолу мектептер аралык турнир өткөрдүм", — деди Касым уулу.
Спортчунун Stepwgn унаасы бар, аны менен такси кызматында дагы иштейт. Эки ай мурун ден соолугу кадимкидей кызга баш кошуп, үлпөт той өткөргөнүн айтып берди.
"Жубайым менен соцтармак аркылуу таанышып калганбыз. Экөөбүз бир жылдан ашык сүйлөштүк. Башында ага-карындаш катары жүрдүк. Көп өтпөй эле сүйлөшкөн кызым болуусун сунуш кылдым, ал кабыл алды. Экөөбүз шаарда сейилдеп, кайра үйүнө жеткирип койчумун. Анан апасы менен тааныштым. Кайненем өтө түшүнүктүү адам, бизди туура кабыл алып баш коштук", — деп сүйүү баяны менен бөлүштү.

Таксиде иштеп эки баламды жалгыз багам

Коляскада отурган Мээргүл Дөөлөтбаева эки уулдун энеси. Ал мурда кийим токуп иштечү, азыр такси айдап балдарын багат. Жолдошу менен ажырашкандан кийин ал үй-бүлөсүнө каралашпай калганын айтты.
"Эки жашымда дарыгерлер туура эмес укол сайып коюп баса албай калгам. Балалыгымдын баары ооруканада өттү. 20 жашымда турмуш кургам. Тагдыр экен, эки балалуу болгондон кийин ажырашып кеттик. Сегиз жылдан бери балдарымды жалгыз тарбиялап келе жатам. Небере жытын жыттагым келет. Мага жашоого дем берген эки уулум. Алар бар үчүн өзүмдү бактылуу сезем. Таксиден эң жакшы тапканым бир күндө 3000 сом болгон, болбой калса 500 сом", — деди Дөөлөтбаева.

Ташкындаган таланттар көмүскөдө калбасын

Зыягүл Исмаилова ырчымын деп жүргөндөрдүн кээсин артта калтырат. Учурда 41 жашта, бир кыздын энеси. Былтыр "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин алган. Ал майыптыгы бар адамдарды өзү менен кошо коомго аралаштырып, көөдөнүндө катылган талантын алып чыгып көрсөткүсү келет. Мамлекет аларды өзүнчө бөлүп койгонун туура эмес деп эсептейт.
"Республикада кайсы фестиваль, иш-чаралар болобу баарына барып катышам. Спорт менен да машыгып, кол күрөш боюнча Азия чемпионатынан экинчи орунду алып келдим. Жакында кол менен башкарыла турган автоунаа алгам, азыр айдаганды үйрөнүп жатам. Бизде бөлүнүү болуп жатат, майыптыгы бар адамдар үчүн 3-декабрды белгилеп койгон. Ошол күнү гана бизге көңүл бөлүнөт, ырларыбызды угат, кичине белек-бечкегин берет. Анан кайра эле өзүбүздүн чөйрөдө калып жатабыз. Ошону мамлекеттик деңгээлде карап, тийиштүү наамдарын берсе. Кыргызстандын желегин желбиреткен уул-кыздарыбыз бар. Алардын көмүскөдө калып кеткени ичимди аябай ачыштырат", — деди Исмаилова.

Музыкалык окуу жайды бүттүм, сулуулук салонум бар

Алиман Кадырова ОшМУнун искусство факультетин аяктап, фортепиано черткенди үйрөнгөн. Бутуна операция жасатып, үйдө отуруп калганда гитара черткенди да өздөштүрүп алган. Анын коштоосунда Сыймык Бейшекеевге таандык "Жалгызымсың" ырын аткарып берди.
Алиман ырчылыктан сырткары ишкерлик менен дагы алектенет. Атайын курсту аяктап макияж жасаганды үйрөнгөн, мунун арты менен Ош шаарында өзүнүн сулуулук салонун ачкан. Анын кыялы демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашкан.

Жакында үчүнчү китебим чыгат

Ал эми Эктираз Сүйөркул кызы акын, эки ирет ырлар жыйнагын чыгарган. Учурда үчүнчү китебинин үстүндө иштеп жатат. Ден соолугуна байланыштуу мектепте окуй алган эмес. Ата-энеси гана билим берип, ушул деңгээлге жеткиргенин айтып берди.

"Көзүң жакшы көрбөйт" деп окууга албай коюшкан

Жаныбек Омошев музыкалык окуу жайга тапшырганы барганда "сенин көзүң жакшы көрбөсө, ноталарды кантип үйрөнөсүң" деп албай койгон. Бирок ал чүнчүп кеткен эмес, ал музыкант боло аларын далилдеп койду.
Жаныбек музыкалык аппаратура сатып алып, учурда ресторандарда, тойлордо музыкант болуп эмгектенүүдө. Ыр сынактарына дагы катышып турат.

Балдарым өтө зирек, акылдуу

Миразиз Абдиев акын, 10 жылдан бери такси айдап иштейт. Эки кыз, бир уулдун атасы.
"Кыздарым өтө зирек, акылдуу, улуу кызым 6-класста окуйт. Биринчи камок ачканмын, андан акча топтоп Tico машинасын алгам. Аны менен 10 жыл айдоочу болуп иштедим. 65 ыр жараттым, жакында "Ырларым менин сырларым" деген китебим чыгат", — деди Абдиев.
Оштогу майыптыгы бар тагдырлаштар бир туугандай эле болуп калган. Ар дайым бири-бирине каралашып, сыр бөлүшүп, иш-чараларга чогуу катышып, бири-бирине жөлөк-таяк болуп жүрүшөт.
Уроженец Кыргызстана живущий в Москве Тимур Акимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2022
Россияда иштеген Тик-Ток жылдызы Тимур: эки күндө миллион көрүүчү топтодум
Жаңылыктар түрмөгү
0