Россияда иштеген мигрант Садиев Кыргызстанга өзгөчө бизнес алып келген. Репортаж

© Sputnik / Табылды КадырбековИшкер Эрнист Садиев
Ишкер Эрнист Садиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2022
Жазылуу
Россияда иштеп келген Эрнист Садиев чогулткан акчасына Кыргызстанда биринчилерден болуп айдоочу автоунаасын өзү жууй турган жай ачкан. Ал бизнестин жаңы түрүн жайылтып, ошол эле учурда элдин да каражатын үнөмдөп жатат.
Ишкердин бул сыяктуу машина жуучу жайларынын саны Ош жана Жалал-Абад шаарларында 20га жетти. Бул жерге келген айдоочу аппаратка 50 же 100 сом салып унаасын жууп, тазалап кете алат.
Ал мындай бизнес ачууну каалагандар үчүн унаа жуучу аппараттарын Россиядан алып келип берип орнотуу кызматтарын дагы көрсөтөт. "Атаандаштыктан коркпойм" деген ишкердин ийгиликтери менен бөлүшүүнү чечтик.
Садиев мындай жаңычылдыкты Ошко эки жыл мурун алып келип өздөштүргөн.
"Москвада жүргөндө автоунааларыбызды жуудурсак 700 рубль төлөчүбүз. Ал эми өзүн-өзү тейлөөчү жайларга кирип 100-200 рубль менен эле жууп чыкчубуз. Анан эмнеге бизде ушундай жайлар ачылган эмес деген ой келди. Москвадан өнөктөш таап, керектүү аппараттарды алардан сатып алып жатабыз", — деди Садиев.
Эрнист Садиев 2003-жылы катардагы кыргыз мигранттары сыяктуу эле Россияга иштегени барган. Санкт-Петербург жана Москва шаарларында тактай тилген заводдо, мал союучу жайда, жүк түшүрүп-жүктөөчү жана башка түрдүү кара жумуштарды жасаган. Ал эми алгачкы бизнеси бир кап күрүчтөн башталганын айтты.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Ишкердин бул сыяктуу машина жуучу жайларынын саны Ош жана Жалал-Абад шаарларында 20га жетти

Ишкердин бул сыяктуу машина жуучу жайларынын саны Ош жана Жалал-Абад шаарларында 20га жетти - Sputnik Кыргызстан
1/3

Ишкердин бул сыяктуу машина жуучу жайларынын саны Ош жана Жалал-Абад шаарларында 20га жетти

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Бул жерге келген айдоочу аппаратка 50 же 100 сом салып унаасын жууп, тазалап кете алат

Бул жерге келген айдоочу аппаратка 50 же 100 сом салып унаасын жууп, тазалап кете алат - Sputnik Кыргызстан
2/3

Бул жерге келген айдоочу аппаратка 50 же 100 сом салып унаасын жууп, тазалап кете алат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Ал мындай бизнес ачууну каалагандар үчүн унаа жуучу аппараттарын Россиядан алып келип берип орнотуу кызматтарын дагы көрсөтөт

Ал мындай бизнес ачууну каалагандар үчүн унаа жуучу аппараттарын Россиядан алып келип берип орнотуу кызматтарын дагы көрсөтөт - Sputnik Кыргызстан
3/3

Ал мындай бизнес ачууну каалагандар үчүн унаа жуучу аппараттарын Россиядан алып келип берип орнотуу кызматтарын дагы көрсөтөт

1/3

Ишкердин бул сыяктуу машина жуучу жайларынын саны Ош жана Жалал-Абад шаарларында 20га жетти

2/3

Бул жерге келген айдоочу аппаратка 50 же 100 сом салып унаасын жууп, тазалап кете алат

3/3

Ал мындай бизнес ачууну каалагандар үчүн унаа жуучу аппараттарын Россиядан алып келип берип орнотуу кызматтарын дагы көрсөтөт

"Бир жерде кыргыздар өзгөн күрүчүнүн бир килограммын 250 рублден сатчу. Анан мен баасын 200 рублге түшүрүп, 5 килограммдан жогору алгандарды жеткирип берип жаттым. Жарнамалык кагаздарды чыгарып метродо өтүп бараткан кыргыздарга таратчумун. Эт саткан жерде күнүнө 1500 рубль тапсам, жумуштан чыгып күрүч сатып да ошондой эле пайда көрчүмүн. Кийин мечиттердин алдына барып улуттук суусундуктарды сатып жүрдүм. Ал жерден кыргыздардын кафелерине өттүм. Алар менен азыркыга чейин иштешебиз", — деди ишкер.
Садиев эки уул, үч кыздын атасы. Ишкерликти бир туугандары менен биргеликте жүргүзөрүн белгиледи.
Выпускница вуза в Венгрии Аида Мусаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2022
Венгрияда окуган Аида: Кыргызстандын айылдарын өнүктүрүү жолун изилдедим
Лифт жабдууларын өндүрүү боюнча алгачкы ата мекендик ишкана ачылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2022
Чүйдө жеке ишкер лифт чыгаруучу ишкана ачты. Сүрөттөр
Жаңылыктар түрмөгү
0