Өкмөт ишкерлердин нак акча кармашын чектөөнү көздөөдө. Мыйзам долбоордун чоо-жайы
© Sputnik / Табылды КадырбековБанктык карталар жана сом купюралары. Архив
Жазылуу
Кыргызстанда ишкерлердин ортосундагы төлөм 100 миң сомдон ашкандан кийин накталай эмес эсептешүүгө милдеттүү түрдө өтүү боюнча мыйзам долбоору сунушталды. Ага ылайык, банктык эсеп, уюлдук капчыктарды колдонуу менен гана соодалашуу талап кылынат.
Аталган демилгени министрлер кабинети көтөрүп, парламентте биринчи окууда каралды. Эгер кабыл алынса, 2023-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.
Кандай учурда накталай эмес эсептешүү жүргүзүү милдеттендирилүүдө:
юридикалык жактардын ортосунда бир төлөм 100 миң сомдон ашса;
юридикалык жактар менен жеке ишкерлер ортосунда бир төлөм 500 миң сомдон ашса;
жеке ишкерлердин ортосунда бир төлөм 500 миң сомдон ашса.
Мыйзамдын максаты
Мыйзам долбоорунун маалыматтык негиздемесинде, изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, өлкөдө көмүскө экономиканын көлөмү ички дүң продукциянын 30-39 пайызын түзгөнү жазылган.
Улуттук статистика комитетинин баалоосуна ылайык, жашыруун жана бейформал экономика 2018-жылы 133,4 миллиард сомду же ИДПга карата 23,4 пайызга жеткен.
"Көмүскө (бейформал) экономика атаандашуу үчүн бирдей эмес шарттарды түзүү менен экономикалык коопсуздукка чоң коркунуч келтирип, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө олуттуу тоскоолдук жаратат. Бул терс көрүнүш салыктык базаны төмөндөтүп, өлкөнүн бюджеттик чөйрөсүнүн туруксуздашына шарт түзөт. Укуктук ченемдер аткарылбаган тармактарда бизнес структуралары көмүскөгө кетүүдө", — деп айтылат долбоордун негиздемесинде.
Бул долбоорду ишке ашырууда республикалык бюджетке күч келбейт. Бирок жеке ишкерлер үчүн касса жабдууларын сатып алуу, төлөм терминалдарын орнотуу боюнча банктык кызматтар менен байланышкан кошумча финансылык чыгымды жаратат.
Кандай маселелерди чечет?
Накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү бир катар негизги маселелерди чечүүгө багытталган. Алар:
банкноталарды, монеталарды иштетүү жана сактоо менен байланышкан чыгымдарын кыскартуу;
ишкерлер жүргүзгөн операциялардын, анын ичинен салык чогултуунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу;
банк эсептерине келип түшкөн каражаттын эсебинен экономикага инвестиция тартуу;
төлөөчү үчүн да (накталай акчасын жоготуп алуу же уурдатуу коркунучун азайтуу), алуучу үчүн да (акчаны кассада сактоонун зарылдыгы жана инкассациялоого кеткен чыгымдарды азайтууда) төлөмдөрдү ишке ашыруунун коопсуздугун жогорулатуу.
Кантип мүлк сатып алыш керек болот?
Парламентте баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекованын айтымында, кыймылсыз мүлктү сатууда жана сатып алууда накталай эмес эсептешүү талаптарын аткарбаса нотариалдык кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салынат.
Мындан улам депутат Дастан Бекешев турак жай сатып алууда накталай эмес түрдө кантип эсептеше турганын сурады.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова
Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова
"Бул талап сатуу-алуу келишимине керектелген документтердин ичине камтылат. Аны иштетүү механизминин майда-чүйдөлөрүн мыйзам долбоорун экинчи окууга алып келгенге чейин тактап киргизели", — деди Үсөнбекова.
Мал базарда дагы карта көтөрүп жүрүшөбү?
Ал эми Дастан Жумабеков эгер дыйкандар менен фермерлерге көңүл буруп, мисалы, төө буурчакты юридикалык жакка 200 миң сомго сатса, базарда жылкысын 700-800 миң сомго бааласа кандай жол менен эсептешерине кызыкты. "Анда мал базарда дагы карта көтөрүп же эсептерине которулуп калабы?" деп сурады.
Министрдин орун басары мыйзам юридикалык жактар менен жеке ишкерлерге гана тиешелүү болорун, жөнөкөй жарандар каалагандай эсептешсе болорун белгиледи.
"Экинчи окууда ушундай механизмдерин карап чыгалы деп атабыз. Биздин максат экономиканы көмүскөдөн чыгарып, салыктык базаны кеңейтүү болгон. Президенттин жарлыгы чыгып, ушундай босоголорду киргизгиле деген сунуштама берилген да. Концепциясын колдоп берсеңиздер парламенттик угуу, тегерек стол да өткөрүп талкуулайбыз", — деп жооп берди Үсөнбекова.
Кыргызстандыктардын 54,4 пайызы накталай түрдө эсептешет
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Заир Чокоевдин айтымында, өлкө тургундарынын 46,6 пайызы накталай эмес, 54,4 пайызы нак акча менен эсептешет. Ал өнүккөн өлкөлөрдө накталай эмес каражаттын үлүшү 98 пайызды түзөрүн белгиледи.
© Фото / пресс-служба НБ КРУлуттук банктын төрагасынын орун басары Заир Чокоев
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Заир Чокоев
© Фото / пресс-служба НБ КР
"Бул мыйзам алгач 2009-2010-жылы демилгеленип, бирок парламент четке каккан. Анда керектүү жабдуулар жок, эл даяр эмес деген негиз болгон. Бул ирет бизнес чөйрөсү, банктар жана байланыш операторлору менен талкуу жүргүзүп, анан алып келип жатабыз", — деди Чокоев.
Депутат Акбөкөн Таштанбеков чет өлкөнүн жарандарына да Кыргызстандын аймагында накталай эсептешүүгө тыюу салып, банк аркылуу соода калышы керектигин сунуштады. Ал Афганистандан мүшөктөп акча алып келип адалдап кетиши мүмкүн деп шектенүүдө.
Демилгечилер эл өкүлүнүн сунушун кубаттап, долбоорго кошууга макул болду.