1976-жылы Жети-Өгүз районунун Покровка айылында айылында туулган. 1993-жылы Каракол шаарындагы Токтогул Сатылыганов атындагы мектепти бүткөн.
1998-жылы Бишкек Гуманитардык университеттин социология факультетин аяктаган. Эмгек жолун Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетиеде мугалимдиктен баштаган.
2003-2007 –жылдары Новосибирск мамлекеттик университетинин философия факультетинин аспирантурасында окуган. 2008-жылдан баштап 2016-жылга чейин Новосибирск шаарындагы аймактык аралык “Сибирское соглашение” атындагы ассоциациянын төрагасынын орун басарынын миграция боюнча кеңешчиси болуп эмгектенген. Андан соң КТРКнын Биринчи радиодо штаттан сырткары кабарчысы болгон.