00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Закон о ВИЭ меняется: чьи интересы будут учтены - КР или инвесторов?
08:04
42 мин
Ежедневные новости
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
2026-жылы кайсы акцияларга инвестиция кылыш керек — алтын, балуу кагаздар, криптовалюта
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Көчөттөрдүн импорту жана экспорту: ЕАЭБде фитосанитардык көзөмөл күчөтүлүүдө
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окумуштуулар министрликке карагананы эрозияга учураган жерлерге көчүрүп, төө багууну сунушташты
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эки буту жулунуп кеткен жоокердин жүрөгүнүн соккону угулуп турду... Афган жаңырыгы

© Фото / Из личного архива Игоря ЧапышеваСоветтик чек арачылар Афганстанда жергиликтүү ыктыярчылар менен
Советтик чек арачылар Афганстанда жергиликтүү ыктыярчылар менен  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2026
Жазылуу
Мындан 37 жыл мурда Афганстандан Советтер Союзунун 40-армиясы толугу менен чыгып кеткен. Өлкөдөгү кандуу тирешүүгө катышкан 600 миңден ашык советтик жоокердин арасында 13 477 мекендешибиз да от кечкен. 14 миңден ашык жоокер каза болсо, анын 248и кыргызстандыктар эле.
15-февраль — "афганчылар" менен жакындары үчүн ыйык күн. Колумнист Алмаз Батилов кан күйгөн согушка катышкан мекендештерибиздин маектеринен үзүндүлөрдү сунуштайт.

Афганстандын базарындагы калпакчан кандаштар менен жолугушуу

Кыдыр Токтосунов, "афганчы", УКМК ардагери
© Фото / Из личного архива Кыдыра Токтосунова40-армиянын 24-гвардиялык танкалык полктун байланыш боюнча взводунун командири, лейтенант Кыдыр Токтосунов. Афганстан демократиялык республикасы, 1980-жыл
Командир взвода связи 24 гвардейского танкового полка 40-й советской армии Кыдыр Токтосунов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2026
40-армиянын 24-гвардиялык танкалык полктун байланыш боюнча взводунун командири, лейтенант Кыдыр Токтосунов. Афганстан демократиялык республикасы, 1980-жыл
— 1978-жылы Политехникалык институттун энергетика факультетин бүтүрүп, аскердик кафедрада окугандыктан лейтенант наамын алып чыктым. Армияда кызмат өтөөнү суранып, ошол эле жылы Түркмөнстандын Кушка шаарындагы 5-гвардиялык дивизиянын 24-гвардиялык танкалык полктун байланыш боюнча взводунун командири болуп дайындалдым. 1979-жылы 27-декабрда биздин дивизия биринчилерден болуп Афганстанга кирди. Шиндад шаарынан баштап Кандагардын ортосундагы мерчемдүү жерлерди көзөмөлдөчүбүз. 1980-жылы Түштүк-Батыш Афганстандын Гиришк шаарында кандаштарга кокусунан жолуктум. Бул калаа Герат — Кандагар трассасынын боюнда болгондуктан чоң базар жайгашкан. Гиришкиде айыл чарба азыктары көп сатылчу. Базардан кокусунан ак калпак кийген төрт кишини көрүп калдым. Учурашып, ал-абал сураштык. "Сиз Советтик армиянын кызматкерисиз, бизди жергиликтүү бийлик жана тургундар СССРдин тыңчысы экенсиңер деп айыпташы мүмкүн, базардын четинде, эч ким көрбөгөн далдоо жерден сүйлөшөлү" дешти. Афгандык кыргыздар экен, "тоодо мал багабыз, шаарга мал айдап келип сатып, чай, туз, кумшекер, кийим-кече алып кетебиз" деп жашоосун кыскача айтып беришти. Аталары 1930-жылдары Советтер Союзунан Рахманкул хан менен качкан экен. Афгандык кандаштарга кезиккениме 36 жыл өттү. Азыркы күндө да алар менен жолукканым эсимден кетпейт. Афганстандан кайткан соң СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинде аскердик кызматымды уланттым. Кыргызстандын УКМКсынын катарында иштеп жүрүп, полковник наамына чейин жеттим. 2002-жылы ардактуу эс алууга чыктым.

Моджахеддер намазга жыгылганда ок атчу эмеспиз

Сергей Васильев, "афганчы", тиш доктур
© Фото / Арууке Амирдинова40-армиянын өзүнчө 605-автомобилдик батальонун байланыш взводунун сержанты Сергей Васильев
Сержант взвода связи отдельного автомобильного батальона Сергей Васильев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2026
40-армиянын өзүнчө 605-автомобилдик батальонун байланыш взводунун сержанты Сергей Васильев
— 1982-жылы Советтик армиянын аскердик кызматына чакырылдым. Адегенде Казак ССРинин Жамбыл облусундагы Отар кыштагынын жанындагы бөлүктө байланыш боюнча ротада кызмат өтөй баштадым. 1983-жылы январда командачылык Алматы шаарындагы өзүнчө 605-автомобилдик батальондун байланыш взводуна которду. Ошол учурда мага сержант наамы ыйгарылган эле. Ал жерден өз ыктыярым менен Афганстанга кеттим, ата-энеме кабар берүүгө үлгүргөн жокмун. Биздин батальон Афганстандагы аскердик бөлүктөргө тамак-аш, курал-жарак, күйүүчү май жеткирчү. Ошондуктан көп учурда жолдо жүрчүбүз. Биздин взвод эгерде автокербенде машина бузулуп калса же козголоңчулар кол салса, башка аскердик бөлүктөр менен байланышты үзгүлтүксүз камсыздап бериши керек болчу. Айрым учурларда тик учак же аскердик самолётторду көмөк көрсөтүүгө чакырчубуз. Анткени байланыш үзүлүп калса чоң жоготуулар болмок. Взводдогу жоокерлердин басымдуу бөлүгү кыргызстандыктар эле. Согушта турмушта ойлобогон нерселер көп болот. Көпчүлүк учурда моджахеддер буктурма уюштуруп, капысынан кол салышчу. Кээде согушуп жатсаң азан чакырылган учурлар болчу. Андай маалда козголоңчулар дароо ок атууну токтотушчу. Моджахеддер намазга жыгылды деп биз да ок чыгарбай турчубуз. Бир жагынан алардын динге бекемдигин сыйлачубуз. Экинчи жагынан биз да тыныгып алчубуз. Моджахеддер намазын окуп бүткөн соң кайра согуш башталчу. Бир ирет Кабулда жайгашкан өзүбүздүн автобатальондун кароолунда турган элек, кароолду текшерип, үстү чатыр менен жабылган мамыга барып тамеки чектик. Мамынын астына кароолчу күн ысыганда же жаан жааганда тура калат. Мен ичиндеги тешикке тамекини аягына чейин чекпей, күлүн түшүрбөй киргизип койдум. Андан соң казарма жакка бастык. Ошол учурда мамыга бычак сайылды. Эгерде дагы бир аз убакыт мамынын астында турганда бул бычак бирөөбүзгө тиймек. 1983-жылдын аягында Афганстанда аскердик кызматымды өтөп бүткөн соң Кыргызстанга кайттым. Кыргыз медициналык институтунун стоматология факультетин аяктап, ушу күнгө чейин адистигим боюнча эмгектенип келем.

Эки буту жулунуп кеткен жоокердин жүрөгүнүн соккону угулуп турду

Эркинбек Мусаев, "афганчы", курулушчу
© Фото / Арууке Амирдинова40-армиянын өзүнчө 66-мото аткычтар бригаданын 2-батальонун жоокери Эркинбек Мусаев
Боец 40-й армии 66-й отдельной мотострелковой бригады 2-го батальона Эркинбек Мусаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2026
40-армиянын өзүнчө 66-мото аткычтар бригаданын 2-батальонун жоокери Эркинбек Мусаев
— 1979-1981-жылдары Түштүк Афганстанда 66-өзүнчө мотоаткычтар бригадасынын экинчи батальонунда кызмат өтөдүм. Биздин батальон Кунар аймагынын борбору Асадабад шаарынын чыгыш жагына жайгашты. Бөлүктүн командири теги казак Бахытжан Ертаев эле. Башыбыздан эмне гана окуялар өткөн жок. Нечен полктоштордон ажырадык, далайы оор жарадар болду. Жолго чыкканда жаныбызды оозубузга тиштеп чыкчубуз. Жолдо минага жарылып же буктурмага кабылган күндөр болду. Кыргызстандык куралдашым Амат Осмонов БМПнын ичинде төрт ирет минага жарылып, аман калган, фрунзелик Сергей Рубандын эки буту жулунуп кеткен, полктоштор БМПнын үстүнө жаткырып, тик учак менен аскердик госпиталга жөнөтөр алдында көрүп калдым. Аба кан жыттанып, жүрөгүнүн согуп жатканы угулуп турду. Сергей кансырап көз жумду. 1981-жылы май айында Афганстандан демобилизацияланып, Кыргызстанга кайттым. Политехникалык институттун курулуш факультетине өтүп, ийгиликтүү бүтүрдүм. Ошондон бери ушул адистик боюнча эмгектенип келем. Ал эми командирибиз Бахытжан Ертаев эгемен Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн катарында генерал-лейтенант болду. 2008-жылы ага Казакстан Республикасынын Эл Баатыры наамы ыйгарылган.

Полктошторду сыйлаганга жеткен 100 рубль

Игорь Чапышев, "афганчы", байланыш тармагынын кызматкери
© Фото / Из личного архива Игоря ЧапышеваЧакав атындагы десанттык-чабуул багыттындагы ыкчам (ДШМГ) тобунун жоокерлери Игорь Чапышев (оң жакта) жана Александр Чариков. Түндүк Афганистан, Бадгис аймагы, Бала-Мургаб району, 1988-жыл
Бойцы Чакавской десантно-штурмовой маневренной группы Игорь Чапышев и Александр Чариков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2026
Чакав атындагы десанттык-чабуул багыттындагы ыкчам (ДШМГ) тобунун жоокерлери Игорь Чапышев (оң жакта) жана Александр Чариков. Түндүк Афганистан, Бадгис аймагы, Бала-Мургаб району, 1988-жыл
— 1986-жылы жазда Советтик армиянын катарына чакырылып, Чыгыш Казакстандагы Маканчи чек ара отрядында кызмат өтөй баштадым. Ал жерде жарым жыл машыктык. Андан кийин совет-кытай чек арасына которулдум. 1986-жылы күздө Чикав атындагы десанттык-чабуул багытындагы ыкчам (ДШМГ) топтун катарына өттүм. Бул тайпанын курамында 160 жоокер бар болчу, арасында Виктор Омельченко жана Андрей Шведов деген жердештерим бар эле. Андан кийин командачылык Афганстанга жөнөттү. Ошол учурда десанттык-чабуул багытындагы ыкчам топтор совет-афган чек арасынан аркы 150 чакырымды көзөмөлдөчү. Биздин тайпа моджахеддер менен салгылаштарда оор жоготууга учураган жок. Жараат алгандар болду. 1988-жылы командачылык "жакын арада Афганстандан 40-армия чыгарылат. Советтер Союзунан силердин ордуңарга эч ким келбейт. Бул өлкөдөн акыркы советтик жоокер чыгып кеткиче аскердик кызматыңарды өтөйсүңөр" деген буйрук берди. Ошентип 1989-жылдын январь айынын аягында Виктор Омельченко, беш казакстандык куралдашым менен демобилизация болдук. СССРдин Куралдуу күчтөрүндө эки жыл үч ай кызмат өтөдүк. Афганстандан Ашхабадга келдик. Эртең менен Түркмөнстандын борборунан Виктор экөөбүз жана павлодарлык эки полктошубуз "Манас" аэропортуна учуп келдик. Кечинде казакстандыктар Павлодарга учмак. Конокко чакырсак, түз эле кете берели деп болбой коюшту. Кечке чейин Фрунзеге барып, сый көрсөтмөкчү болдук. Ишенесизби, чөнтөгөбүздө сокур тыйын жок. Аэропорттон борбор калаага келдик. Виктор "Тюльпан" ательесинде иштеген агасына кирип, 100 рубль алды. Ошол акча менен ашканага кирип тамак ичтик, "Россия" кинотеатрына кирдик. Ал жактан чыгып, "Айчүрөктү" кыдырдык. Ал жерден чыгып баратсак, аскердик патруль токтотуп документтерди текшерди. "Экөөңөр кете бергиле, бул экөөнү комендатуруга барып текшерибиз" дешти. Биз чогуу бардык. Комендантурадан шинелдерин чечишти эле, аскердик медалдарды көрүп кечирим сурашты. Ошентип алар кетишти. Кечинде Виктор экөөбүз үйгө кеттик. 1990-жылдары Кыргызстандагы россиялык чек ара тобунда жана КР Чек ара кызматында аскердик кызматымды уланттым. Азыркы күндө байланыш тармагында эмгектенем. 2007-жылы Москвада куралдаштарым менен жолуктум. Полктошум Омельченко экөөбүз дайыма кезигип турабыз.
Sputnik Кыргызстан афган согушунун келип чыгуу себептери тууралуу да материал даярдаган.
Жарадар болгон жоокерди полктоштору көтөрүп бара жатышат. Баткен, 2000-жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2025
Уулунун сөөгүн таппай кайгыдан көз жумган... Баткен коогасынан сүртүмдөр
Жаңылыктар түрмөгү
0