00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Земля на пределе: почему пахотные гектары Кыргызстана стремительно превращаются в пустыню?
08:05
44 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Личный интерес
ЭкоФест Чон-Кемин: почему судьба планеты теперь в руках молодых активистов
16:05
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Шанс на жизнь: как новая система экстренной помощи будет спасать кыргызстанцев при инфарктах
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Доктора для почв: как учат кыргызских аграриев лечить «уставшую» землю
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:07
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Органдарды трансплантациялоо боюнча операцияларды жүргүзүүнүн шарттарын кайра карап чыгып, донор катары жакын туугандарына гана эмес, алыскы туугандарына да мүмкүнчүлүк берүү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев бүгүнкү жыйында билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө тиешелүү документте бейтапка эң жакын туугандары же бир туугандары гана донор болот деп жазылган. "Белгилүү болгондой, 2024-жылдан тартып президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен боор, бөйрөк алмаштыруу операциялары бекер жасалып келет. Бирок бүгүнкү күндө эң жакын туугандары, бир туугандары донор болот деп жазылган. Жакын туугандары ар кандай себептерден улам же ден соолугуна байланыштуу органдарын бере албай калган учурда, чет мамлекеттен донорлорду издешүүдө. Социалдык тармактарда да ден соолугуна байланыштуу чет мамлекетке чыгууга туура келип, жардам сурагандар көбөйдү. Ошондуктан эң жакындарынан тышкары алыскы туугандары да донор болуп бере ала тургандай чечим кабыл алуу зарыл болуп турат. Өзгөртүү менен ушундай чечимдерге барсак, ден соолугунан жабыркаган жарандарыбыз үчүн чоң салым кошкон болот элек. Көптөгөн адамдардын ден соолугу калыбына келип, өмүрүн узартууга өбөлгө болот элек деген ойдомун", — деди Түмөнбаев.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Туризм департаменти менен биргеликте өлкөнүн негизги унаа жолдорунда заманбап Rest Point эс алуу зоналарын түзүү боюнча масштабдуу долбоорду ишке ашырууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы Асылбек Чойбеков билдирди. Анын айтымында, мындай объекттерди куруу демилгеси өткөн жылдын күзүндө башталган. Кеп алыскы каттамдардагы айдоочулардын жана туристтердин коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылган толук кандуу комплекстер жөнүндө болуп жатат. "Бул айдоочу токтоп, толук кандуу эс ала турган заманбап объекттер. Ар бир Rest Point пунктунда дааратканалар, дүкөндөр жана бардык зарыл шарттар каралган. Учурда бул тармакты кеңейтүү боюнча активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деп белгиледи Чойбеков.Белгилей кетсек, учурда бир нече ушундай эс алуу зоналары курулуп бүтүп, иштеп жатат. Алсак, Ысык-Көл облусунда заманбап Rest Point пункттары 2-4 тилкеде, анын ичинде Түп – Кеген трассасында келүүчүлөрдү кабыл алууда. Министрликтин планында мындай тейлөө зоналарын Кыргызстандын бардык эл аралык трассаларында куруу каралган. Бул өлкөнүн жол инфратүзүмүн эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө мүмкүндүк берет.
Агартуу министрлиги балдарды 1-класска каттоонун биринчи этабына өзгөртүү киргизилгенин маалымдады.Буга чейин микроучасток боюнча бир нече мектеп сунушталып, ата-энелер бирин тандачу. Эми система бир гана мектепти сунуштайт. Өзгөртүү Бишкек шаарынын тургундарына гана тиешелүү.Министрлик чечим мектепте орундун жетишсиздигинен жана ордо калаада элдин көптүгүнөн улам кабыл алынганын айтты. Балдарды 1-класска каттоо бүгүн башталды.
Ак илбирс 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарыны
Жаңылыктар түрмөгү
0