Кордайга Кыргызстандан барган кыздан коронавирус аныкталды

© REUTERS / PAVEL MIKHEYEVАлматы шаарындагы коронавируска текшерүүчү блок пост
Алматы шаарындагы коронавируска текшерүүчү блок пост - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кыз жугуштуу оорулар стационарына жаткырылды, акыбалы канааттандырарлык. Байланышта болгондор текшерилип жатат.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Казакстандын Жамбыл облусунда коронавирус жуктурганы аныкталган 24 жаштагы кыз ал жакка Кыргызстандан барганы аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Ал Кордай районуна 24-март күнү кирип, ошондон бери карантинде кармалып турган.

"Учурда кыз жугуштуу оорулар стационарына жаткырылды, акыбалы канааттандырарлык. Байланышта болгондор текшерилип жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ, 26-мартта, Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 109га жеткени айтылган.

Өлкөгө 16-марттан тарта өзгөчө абал режими киргизилген. Ал эми 19-марттан тарта Нур-Султан менен Алматы шаарлары карантинге жабылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0