00:27 22 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Полицейские задерживают сторонника оппозиции во время акции протеста против президентских выборов, в Алматы. Казахстан, 9 июня 2019 года

Казакстандагы митинг: полиция 100дөй адамды кармады

© REUTERS / Mariya Gordeyeva
Азия
Кыскача шилтеме алуу
228 0 0

Ички иштер министрлиги өлкөдө туруксуздук жаратуу аракеттери сырткы күчтөр тарабынан болуп жатат деп эсептейт.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Казакстанда президенттик шайлоо күнү митинг болуп, ага катышкан 100дөй адам кармалды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Казакстандын ИИМинин биринчи орун басары Марат Кожаевдин айтымында, кармалгандардын арасында бүгүнкү иш-чаранын уюштуруучулары жана активдүү катышуучулар бар.

  • Полицейские задерживают сторонника оппозиции во время акции протеста против президентских выборов, в Алматы. Казахстан, 9 июня 2019 года
    Казакстанда президенттик шайоо күнү митинг болуп, ага катышкан 100дөй адам кармалды.
    © REUTERS / Mariya Gordeyeva
  • Сотрудники полиции задерживают участника несанкционированного митинга  в день проведения выборов президента Казахстана в Алма-Ате.
    Казакстандыкн ИИМинин биринчи орун басары Марат Кожаевдин айтымында, кармалгандардын арасында бүгүнкү иш-чаранын уюштуруучулары жана активдүү катышуучулар бар.
    © Sputnik / Тимур Батыршин
  • Полицейские задерживают сторонника оппозиции во время акции протеста против президентских выборов, в Алматы. Казахстан, 9 июня 2019 года
    Нур-Султан менен Алматы шаарларындагы бийликти жаман көрсөтүү максатында болуп жаткан нааразычылык акцияларын тыюу салынган жана каттоодон өтпөгөн экстремисттик уюм уюштурду.
    © REUTERS / Mariya Gordeyeva
  • Полицейские задерживают сторонника оппозиции во время акции протеста против президентских выборов, в Алматы. Казахстан, 9 июня 2019 года
    Эске салсак, бүгүн эгемен Казакстанда алтынчы ирет перизденттик шайлоо болуп жатат. Анда президенттик тактагы жети талапкер ат салышууда.
    © REUTERS / Mariya Gordeyeva
1 / 4
© REUTERS / Mariya Gordeyeva
Казакстанда президенттик шайоо күнү митинг болуп, ага катышкан 100дөй адам кармалды.

Анын айтымында, Нур-Султан менен Алматы шаарларындагы бийликти жаман көрсөтүү максатында болуп жаткан нааразычылык акцияларын тыюу салынган жана каттоодон өтпөгөн экстремисттик уюм уюштурду. 

"Өлкөнүн ар тарабында добуш берүү өз калыбында жүрүүдө. Бирок сырткы күчтөр таасир этип жаткан мындай митингдер билинбей өтүп кеткен жок", — деди орун басар.

Эске салсак, бүгүн эгемен Казакстанда алтынчы ирет президенттик шайлоо болуп жатат. Анда президенттик тактыга жети талапкер ат салышууда.

Ал эми коңшу өлкөнү 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев президенттик кызматтан 19-март күнү өз чечими менен четтеген.

Тема боюнча

Баарын оңдоп кеткем! Атамбаев баштаган КСДПнын митинги видеодо
Белгилер:
Митинг, шайлоо, Казакстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ