БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Лола Каримова-Тилляева Instagram баракчасына эки ача ойго түрткөн сүрөтүн жарыялады. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Каримова-Тилляева буга чейин кайрымдуулук жана маданий иштерге катышып, ошондой эле Чыгыш элинин менталитетине ылайык кийинип жүрчү. Бул менен ал өзүнүн ачык сүрөттөрүн соцтармакка жүктөп келген эжесинен айырмаланып турган. Ал өзүнүн мүнөзүнө туура келбеген сүрөттү өздүк баракчасына жарыялаганы коомчулукту таң калтырды.
"Балким бул сүрөт фотосессияларынын алкагында тартылып кандайдыр бир көркөмдүү образды түшүндүрсө керек. Көрүнүп тургандай сүрөттө анын жылаңач денеси көрүнбөйт, атайын дене түстөгү костюм колдонулган. Антпесе анын эмнеге мындай кадамга барганы чоң суроо жаратат", — деп жазат Sputnik Өзбекстан агенттиги.
Айрымдары Лола Каримова Өзбекстандын ЮНЕСКОдогу өкүлү болуп эл аралык аренада өлкөнүн атынан жүргөндөн кийин эмнеге минтип жатат деп кабатырланышууда. Кээ бири ал эжесине окшоп мындан ары ачык сүрөттөрүн тынбай жарыялап жибербесе экен деп тынчсызданышууда.