12:05 21 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Шайлоодо пиар. Архивдик сүрөт

Шайлоодо ким канча табат? Саясий технологдордон ырчы-чоорчуларга чейин

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO
Аналитика
Кыскача шилтеме алуу
Бегимай Бакашева
Кыргызстандагы президенттик шайлоо - 2017 (257)
2288 0 0

Айрым адамдар үй же унаа сатып алуу үчүн ондогон жылдар бою акча чогултса, кээ бирөөлөр бир шайлоодо эле мунун баарына жетип алат. Атургай "шефтин" ишенимине кирип, жакшы иштеп бергендер майлуу-сүттүү кызматка отурушат.

Чындап эле шайлоо аз убакыт ичинде жакшы акча таап алуунун жолу. Тагыраагы, "үгүтчүлөр" өздөрү айткандай "конверттеги бакыт". Эмнеге конверттеги? Анткени көпчүлүк штабдарда жумушчулар расмий келишимсиз эле кызматка алынып, эмгек акысы дагы конвертке салынып берилери айтылды.

Үгүт иштерине салым кошкон адистер өз эмгеги үчүн кандай акы аларын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Бегимай Бакашева иликтеп көрдү.

Шайлоонун ийне-жибине чейин билген адамдан өзүмө керектүү маалымат алуу үчүн артынан бир жума жүрдүм. Кыргызстанда бул адамды саясий технолог деп койсо болот. Өзүнүн айтымында, мен-мен деген саясатчылардын "эшигин тээп" кирет. Анткени алардын бийликке келишине качандыр бир кезде салым кошкон.

"Атыңызды атабайм, жөн гана маалымат берип коюңуз" деп жатып маектешүүгө араң көндүрдүм. Айткан дарегине барсам, президенттикке аттанып, өтүп кетиши мүмкүн делип жаткан талапкердин шайлоо штабы экен.

Кире бериште катчы окшойт, кымча белдүү бир кыз отурат. Бирок ага көңүл бөлүп, бир нерсе сурап койгон киши жок. Баары эле олтуттуу. Арыраак өткөндө бир нерсе десең эле жыга чапчудай, споттук дене түзүлүштөгү 4-5 жигит, алардан ары жагында макияжсыз тааныла бербеген эки ырчы кыз турат.

Ошентип Асан байкенин кабинетине жеттим (атымды ушиптип жазып кой деп суранды — ред.). Эшигин тыкылдатып, баш баксам, "Кел, Бегимай. Суроолоруңду жаадыр эми. Сырттагыларды көрдүңбү? Күндө ушинтип иштешели деп келгендер толтура. Буюрса жумуш көп", — деп алаканын ушалап, кудуңдаган бойдон ордуна отурду. Компьютеринде "шефинин" фотосессиясы ачылып турган экен, бир сүрөтүн бир аз чоңойтуп алып ар кайсы ракурстан карады дагы жаап койду.

Анын айтымында, жергиликтүү саясий технологдор бир кампанияда 10-20 миң доллардан акча табышат. Бирок өтө мыкты стратегия болсо, аны партия же талапкер 100 миң доллардан ашык акчага сатып алууга макул болот. Бир шайлоодо Бишкектин жакшы районунан батирлүү болуп калгандар дагы жок эмес. Он миңдеген доллар киреше көргөндөрдүн арасында стратег, штаб жетекчиси жана юристтер бар. Ал эми айрым адистер келечекте кызмат алуу үчүн бекер дагы иштеп берүүгө даяр.

Эки айда бир батир

Маектешимдин пикиринде шайлоо кампаниясында билимдүү гана эмес, фантазиясы күчтүү кишилердин дагы ташы өйдө кулайт.

"Бир жолу шаардык кеңешке белгилүү чиновниктин 23 жаштагы кызын депутат кылып өткөрүү керек болду. Күн сайын жолугушуулар, жыйындар болуп атып, мурда кыйынчылык көрбөгөн талапкер кыз бир күнү ооруп калды. Бирок алдыда мектеп окуучулары жана пенсионерлер менен жолугушуусу бар болчу. Эмне кылабыз деп ойлонуп туруп, "Клон" ыкмасын колдонууну чечтик. Командадагы ага түстөлдөш бир кызды анын ордуна жолугушууга алып бардык. Жасалма талепкерибиз өтө харизмалуу, шайыр болгондуктан, элди бат эле өзүнө тартып, өтө позитивдүү жолугушуу болгон. Шайлоочулар талапкердин ордуна башка адам келгенин билбей эле шайлоо күнү дүңүнөн добуш беришкен", — деп Асан байке сөзүн баштады.

Бул стратег, пиар-адистердин шайлоочуларга карата колдонгон ыкмаларынын мисалдары.

Ал эми саясат айдыңындагы амалдар жөнүндө "айтылуу" "Ак жол" партиясына шайлоо маалында жардам берген Гуля Алмамбетова баяндап берди. Өзүнүн айтымында, ал — партиянын аталышын сунуштагандардын бири. 

"Ак жол" партиясын түзөөрдө Медет Садыркулов бизге жардам сурап кайрылган. Ал топто менден сырткары, 2-3 адам бар болчу. Бирок алардын аттарын атай албайм, учурда мамкекеттик кызматтарда отурушат… Эртең съезд деген күнү Медет Чоканович мага телефон чалып, "Ак жолго" киргизчү майда партиялардын жетекчилеринин макулдугун алууга жетишпей жатканын айтты. Съездге жети дубандан эл чакырылып калган. Ошондо Медет Чоканович партияларга кол койдуруп бүткүчө, съездге келген адамдардын көңүлүн башкага буруп тур деп суранды. Иш-чара филармонияда болгондуктан, анын сахнасына партиянын логотиби тартылган чоң баннер илинмек. Түнү менен логотиптеги ак жолду кызыл өңгө беоеп салдык. Эртеси күнү элдин баары жолуңар ак болбой эле кызыл болуп калыптыр деп ошону талкуулап жатып калышты. Атургай аны көргөн Курманбек Бакиев дагы ордунан тура калган. Бул боюнча архивдик видеолор бар. Ошентип эл ага алаксып жатканда Садыркулов башка партияларды "Ак жолго" киргизүү маселесин чечүүгө жетишти. Бирок кийин Бакиевдин жолу кандуу болуп калды. Символдордун сыйкырына ошондон кийин ишенип, өзгөчө маани берип калдым", — деди Алмамбетова.

Негизи саясий технолог, стратег, пиар-адистер бир гана элдин көңүлүн бурдуруу же үгүт иштери менен алектенбестен, шайлоочулардын талапкерге берген добушун коргоп калууга дагы жан үрөшөт. Мындай мисалдардын бирине жашыруун булагыбыз Асан байке токтолду.

Окуя 2012-жылкы жергиликтүү кеңештерге шайлоо маалында болгон.

"Анда кайсы бир шаардык кеңешке фаворит болуп үч партия ат салышып жаткан. Экинчи орунду мен иштеген партия менен өтө акчалуу партия талаша кетишти. Каршылаштар добуш берүүгө элди маршрутка менен ташып жатканын көрүп, камерага унаанын ичинде шайлоочуларды толуктап жаткан аялдын колундагы тизмени тартып алдык. Ар бир фамилиянын жанында телефон номерлери жазылыптыр. Штабга бардык дагы тизмедеги кишилерге тиги партиянын өкүлүнүн атынан телефон чалып чыктык. Ар биринин добуш берип, эми акчасын алганы бара жатканын жаздырып алдык. Анан юристибизди аттандаш партиянын штабына жиберип, эл ташыганды токтотпосоңор, бул материалдарды ЖМКларга чыгарып, чаң салабыз деп айттырганбыз. Алар айласыздан эл ташыбай калышкан", — деди ал.

Ошентип ал шайлоодо биздин каарман иштешкен партия экинчи орунга чыккан.

Миллиондорду чапчыган чет элдик "сыйкырчылар"

Көч башында турган бир нече саясий партиялар шайлоо алдында чет элдик саясий технологдордун кызматын пайдаланышат. КРдин эмгек сиңирген юристи жана пиар-адис Гүля Рыскулованын айтымында, биздин саясатчылар Россия, Украина жана канадалык адистерди 2005-жылдан баштап көбүрөөк чакырып калышкан.

Ал эми акыркы парламенттик шайлоолордо Кыргызстанга грузин технологдору баш бакканы айтылат.

Баса, алгачкы жергиликтүү саясий технологдор америкалык, канада, россия жана украиналык кесиптештеринен сабак алышкан.

Чет элдик адистер командасы менен бир шайлоодо 200 миңден 300 миң долларга чейин акы аларын "24 кадр" агенттигинин жетекчиси Гуля Алмамбетова айтат. Атургай жеңишке жеткен талапкер буларга ыраазычылык иретинде жогоруда айтылган сумманын үстүнө дагы акча кошуп берүүгө даяр болот экен.

Бирок мындай жогорку гонорар алган адистердин иши дайыма эле эффективдүү боло бербей турганын пиар-адис Константин Конкин билдирди. 

Пиар-специалист в одном из компаний Константин Конкин
© Фото / Бактыбек Мейманбеков
Пиар-адис Константин Конкин

"Биздин саясатчылар чет өлкөдөн келген адистер болсо эле мыкты деп ойлошот. Алардын айтканын кылып, олчойгон акчаларды төлөшөт. Ооба, булардын тажрыйбасы чоң, көп нерсени билишет. Ал жагынан кеп жок. Бир кемчилиги — биздин элдин өзгөчөлүктөрүн, менталитетин түшүнө беришпейт. Кээде оголе европалашып кеткен пландары бизге таптакыр туура келбей калат. Экинчиден, шайлоого жоопкерчилик алышпайт, аларга баары бир. Мисалы, 2012-жылкы жергиликтүү шайлоодо добуш берүү участоктору 20.00дө жабылса, чет жактан келип, биз менен иштеген саясий технолог кетем деп 20.30да аэропортто болуп калган", — деди Конкин.

Пиар-адис Гуля Рыскулова да ушундай эле пикирде. Анын айтымында, шайлоодо жеңишке жетүүнү көздөгөн талапкер чет элдик гана адистерге толугу менен ишенбестен, аларга жергиликтүү технологдорду кошуп команда топтосо жаңылбайт.

Пиар-адис жана журналисттер

Кыргызстанда атайын пиар менен гана алектенген адистер саналуу. Ошондуктан көпчүлүк учурда пиарчынын милдетин журналисттер аткарышат.

Пиарчы-журналисттер бир шайлоодо тажрыйбасына, жумуш берүүчү менен сүйлөшкөнүнө жана жумуштун көлөмүнө жараша 3 миң доллардан 30 миң долларга чейин акы алышарын Гуля Алмамбетова айтып берди.

Массалык маалымат каражаттары жана журналисттер тууралуу айтсак, талапкердин командасы кайсы бир ЖМК менен келишим түзүп, шайлоого 2-3 жума калганда эфир же басылмадан полоса ээлейт.

Көпчүлүк ЖМКлар өз кирешесин ачыктоону жактыра бербейт. Биз эң көп нускалуу "Супер инфо" гезитинин шайлоо алдындагы кирешесин болжолдуу эсептеп көрдүк. Гезиттин сайтында көрсөтүлгөндөй, анын биринчи полосасына жарнама жайгаштыруу 500 миң сом турат. Демек аталган гезит башка полосаларды эсептебегенде дагы айына төрт жолу чыгып, биринчи полосасынан эле 2 миллион сом киреше көрөт.

Ал эми Коомдук биринчи канал, тескерисинче, өткөн парламенттик шайлоодогу кирешесин ачык жарыялаган. Мекеменин башкы директору Илим Карыпбеков КТРК шайлоо алдындагы рекламалык берүүлөрү үчүн 15 миллион сом киреше тапканын ачыктаган.

Шайлоо алдында эркин журналисттер гана эмес, кайсы бир басылмада иштеген калемгерлер деле кошумча акча таап алууга каршы эмес.

Тааныш-билиши көп, иштин көзүн тапкан журналисттер бир шайлоодо унаалуу болуп каларын шайлоо кампанияларында иштеп жүргөн эркин журналист Элмира Мадиева айтып берди.

"Шайлоодо иштеген кесиптештерди эки топко бөлүп караса болот. Биринчиси — жөн гана айлыкка иштегендер. Офисте отуруп тапшырмаларды аткарышат. Булардын айлыгы быйылкы шайлоодо 20-40 миң сомдон болуп жатыптыр. Ал эми идея берип, кайсы бир ЖМКлар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө билген журналисттер 1 миң доллардан 3 миң долларга чейин таап алышат. Айрым журналисттер партияга жумушка киргенде жетекчиликке иштешүүгө өзүнө жакын ЖМКларды сунуштайт. Кийин ал басылмалардан партиядан түшкөн кирешенин 10-15 пайызын алышат", — деди журналист.

Ырчы-чоорчулар

Жыргалбек Шакиров "Анлын үн" продюсерлик борборунун жетекчиси. 2005 жана 2009-жылкы президенттик шайлоолордо Курманбек Бакиевдин командасына үгүт концерттерин уюштурууга жардам берген. Азыр дагы ырчыларды топтоп, "чоң казатка" даярданып жаткан кези. 

"Бизге талапкерлердин командаларынан иштешели деген сунуштар түшүп жаткандыктан, ырчыларды чогултуп жатабыз. Эмгек сиңерген артист жана башка мамлекеттик сыйлыктары бар, популярдуулугу арткан ырчылардын эң алдыңкылары бир кампанияга 25-30 миң долларга иштеп беребиз деп жатат. Жаштар арасында таанымалдар 10-15 миң долларга чыгууга даяр. Ал эми аты чыгып, тааныла баштагандар 5 миң доллар берсең, келишимге кол коет", — деди Шакиров.

Жакшы киреше көргөн өнөрпоздордун арасына алып баруучулар дагы кирет. Мисалга, 2015-жылкы парламенттик шайлоодо Бакыт Байсариев бир айда 15 миң доллар тапкан. 

Тамада, шоумен Бакыт Байсариев во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Максат Элебесов
Алып баруучу Бакыт Байсариев

Белгилүү алып баруучу Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маеги учурунда шайлоодо күнүнө 500 доллардан алып турганынан айтып берген.

Имиджмейкер

Президент, депутат, министр сыяктуу мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдардын келбети, кийинүү этикасы өтө маанилүү экенин стилист Замира Молдошева айтып келет. 

Известный стилист, визажист, дизайнер одежды Замира Молдошева
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Стилист Замира Молдошева

"Биздин саясатчылардын көпчүлүгүндө имиджмейкердин кызматын пайдалануу түшүнүгү жок, тилекке каршы. Бирок саясатчылар жылдыздар сыяктуу эле келбетине өзгөчө көңүл бурушу керек. Анткени эл аларды карап түздөнөт. Элдин көзүнө жагымдуу көрүнүү дагы ийгиликтин бир канча пайызын түзөт", — деди Молдошева.

Стилисттин айтымында, буга чейин ага депутаттык кызматка аттангандар жардам сурап кайрылган. Бишкектик имиджмейкерлер бир саясатчынын образын толугу менен оңдоп чыгууга орто эсеп менен 1 миң доллар акы алышат экен.

Дизайнерлер

Адатта талапкердин пиар-командасы кайсы бир тажрыйбалуу дизайнерге же дизайн-студияга партиянын же талапкердин бренд-бугун түздүрүп алат. Бренд-буктун ичине логотип жана ар кандай буклет, брошюра, документтердин дизайнынын концепциясы кирет. Дизайнер Искендер Асаналиевдин айтымында, бир бренд-букту даярдоо акысы 1,5 миң доллар жана андан бир аз жогору бааланат. 

Дизайнеры из Кыргызстана Искендер Асаналиев и Жанышбек Ботоев во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Дизайнер Искендер Асаналиев

Ал эми Азамат Нуралиев аттуу дизайнердин билдиргенине караганда, шайлоо штабы кийин жалдаган дизейнерлер баннер, брошюра, календарь, буклет сыяктуу нерселерди бренд-букта бекитилген калыпка салып жасай беришет. Ошондо дизайнерлерге чыгармачылык үчүн эмес, иштин көлөмүнө жараша акы төлөнөт, анын өлчөмү айына 40-45 миң сомду түзөт.

Кызыгы, дизайнерлер бул айлык үчүн жөн дизайн жасабай, кээде актерлук чеберчилигин дагы өркүндөтүп ийиши мүмкүн. Жогорудагы Асан аттуу булагыбыздын айтымында, 2015-жылкы парламенттик шайлоого катышып жаткан партия сурамжылоодо өздөрүн алдыңкы орунга чыкты деп айттыруу үчүн изилдөөлөрдү жүргүзгөн бир компанияны ойлоп табышат.

"Анда биздин пиар-командабыз күлкү келтирерлик иш кылган. Ойлоп табылган компаниянын директору кылып кимди сүйлөтөбүз деп ары-бери карап, өздөрү менен бирге иштеген дизайнерге токтолушкан. Ал дагы жашы 40ка келип калган, ар дайым үтүктөлгөн көйнөк кийген салабаттуу жигит экен. Ага текстти даярдап беришти дагы шефтин кабинетиндеги булгаары креслого отургузуп сүйлөтүп коюшту. Кийин ал видео бир нече телеканалдардан көрсөтүлдү", — деди каарманыбыз.

Сүрөтчү

Акыркы кездерде фотографмын дегендер көбөйүп кеткендиктен, сүрөтчүлөргө жумуш тартыш болуп калганы айтылат. Мурда бир шайлоодон 2 миң доллар тапкан сүрөтчүлөр учурда 1 миң доллардын тегерегинде гана киреше таап калганын продакшн-студиялардын биринин жектекчиси Сүйүн Откеев билдирди. 

Кинорежиссер, основатель студии Медиастар Продакшн Суйун Откеев во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Продакшн-студиялардын биринин жектекчиси Сүйүн Откеев

"Мурдагы шайлоолордо көп эле талапкерлер кайрылчу. Азыр бир кампанияда эң көп дегенде үч адам кайрылат. Бир фотосессияны татаалдыгына жараша 300-500 доллардан жасайбыз", — деди Откеев.

СММ

Социалдык тармактардын биздин жашообузга сүңгүп кириши менен СММ деп аталган жаңы кесип пайда болду. Жалпак тил менен айтканда СММчи — бул интернеттеги сатуучу. Интернет айдыңында тынбай маалыматтарды сунуш кылып турган адам.

Атын атагысы келбеген СММ-адистин айтымында, шайлоо кампанияларында булар эки топко бөлүнүп иштешет. Биринчиси — талапкердин позитивдүү имиджин түзгөндөр. Экинчи топ "минус" деп аталат. Алар оппонентти каралашат. Биринчи топтогу СММчилер айына 18-20 миң сомдон алышат. Экинчи топтун эмгек акысы 4-5 миңге жогорураак. Бирок бир адам эң аз дегенде бештен аккаунт иштетүүгө милдеттүү.

Уюштуруучулар

Булар шайлоо кампаниясына тиешелүү ар кандай иш-чараларды уюштургандар. Мисалы, партиянын же талапкердин логотиби чапталган ар кандай буюм-тайымдарды, рекламалык баннер, брошюраларды басып чыгаруучу ишканалар менен дагы ушулар сүйлөшөт. Кыскасы, буларсыз иш бүтпөйт. Ар бир уюштуруучунун айлыгы 20-30 миң сомго барат. Бирок партиянын заказын берип иштешкен ар бир фирма же басмакананын кирешесинен 5-10 пайызын алаары айтылат.

Жер-жерлердеги үгүтчүлөр

Шайлоо кампаниясында "Талаа" деген түшүнүк бар. Бул региондор жана ал жактагы үгүт иштери, башкача айтканда, негизги шайлоочулар менен көзмө-көз иш алып баргандар. Алардын "кара жумушу" кандай бааланарын шайлоолордо үгүтчү болуп иштеген Ысык-Көл облусундагы Түп районунун тургуну Мирлан Абыкеев баяндап берди.

Региондордогу штаб жетекчилери айына — 25-30 миң, координаторлор — 20 миң сом, ал эми үгүтчүлөр — 10-15 миң сомдон (шаарларда иштеген үгүтчүлөр 20 миң сомдон) алышат экен. Региондордо иштеген үгүтчүлөрдүн милдетине айылдарга плакаттарды, көрнөк-жарнактарды илүү дагы кирет.

"Талаадагы" жумуштун кызыгы көп. Үгүтчүлөргө байланыштуу күлкүлүү окуяны 2010-жылкы парламенттик шайлоодо кайсы бир партиянын түштүк региону боюнча үгүтчүсү болуп иштеген Эсен аттуу адам айтып берди.

"Анда түштүктөгү бир шаарчада иштегем. Партияга беш пайыздык босогодон өтүү үчүн биз көзөмөлдөгөн шайлоо участогунан 1 миң добуш алса жетиштүү болмок. Штаб бир ыкманы ойлоп таап, 400 адамды үгүтчү кылып жумушка алды. Аларга бир аздан эле акча төлөнгөн. Анткени үгүтчүлөргө иштөөнүн зарылдыгы жок болчу. План боюнча партияны үгүтчүлөр менен алардын эң жакын адамдары эле шайласа, жок дегенде 1 миң добуш алышмак. Биз ошого ишенгенбиз. Бирок урналарды ачканда биз иштеген партияга 100 гана киши өз добушун бергени белгилүү болгон", — деди ал.

Плакат чаптагандар

Шаардагы плакаттарды чаптоо үчүн атайын фирмалар же студент балдар жалданат. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо плакат чаптап иштеген балдардын бири күнүнө 1500 сомдун тегерегинде акча тапканын билдирди.

Байкоочулар

Шайлоо күнү байкоочу болуп иштеп бергендерге региондордо 500-1000 сомдон беришет. Ал эми шаар жергесинде көпчүлүк учурда байкоочу катары ЖОЖдордун студенттери жалданат. Бишкектик Нуржан аттуу студенттин айтымында, акыркы парламенттик шайлоодо 2 миң сом киреше тапкан.

P.S. Макалада ири жана акчалуу партиялардын шайлоо штабдарында иштеген адистердин эмгек акылары тууралуу айтылды. Айрым учурда ушул эле партиялар менен иштешкен, бирок тажрыйбасы азыраак адистердин маянасы материалда көрсөтүлгөн суммадан алдаканча азыраак болушу мүмкүн.

Баса, 2011-жылкы президенттик шайлоого 16 талапкер жалпысынан 154 миллион сом жумшаганы боюнча маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында жарыяланган. Анын ичинен эң көп каражат сарптаган беш адамдын катарына Алмазбек Атамбаев (43,5 миллион), Адахан Мадумаров (27,5 миллион сом салып, 165 миң сом ашып калган), Камчыбек Ташиев (20 миллион) Кубатбек Байболов (20 миллионго чукул) жана Анарбек Калматов (10,7 миллион) кирген. Ал эми шайлоонун жыйынтыгында Алмазбек Атамбаев 62 пайыз менен жеңип чыгып, Камчыбек Ташиев менен Адахан Мадумаров 14 пайыздан алышкан. Калган талапкерлердин добушу 1 пайыздан ашкан эмес.

Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо - 2017 (257)

Тема боюнча

Шайлдабекова: сот "Текебаев тестке катышсын" деген чечим чыгарган эмес
Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуудан четтетилди
Мамкаттоо БШКга президенттик шайлоодо добуш берчүлөрдүн тизмесин жөнөттү
Текебаевдин айынан БШКнын эки мүчөсү Шайлдабекованы сындап, ЖК төрагасына кайрылды
Белгилер:
саясат, пиар-акция, киреше, юрист, талапкер, журналист, шайлоо, ырчы
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ