https://sputnik.kg/20260315/1100238955.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйынында... 15.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-15T15:00+0600
2026-03-15T15:00+0600
2026-03-15T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/03/0f/1100238789_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9319074ec8b8b321ba5ed71a38e907ce.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйынында белгилүү болду. Анда депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча жеке арызы каралды. Ага ылайык, комиссиянын 10 мүчөсүнүн добушу менен депутаттын ырастамасы жараксыз деп таанылды. Белгилей кетсек, Азыгалиев 12 миң 20 добуш алып, №17 шайлоо округунан шайланып келген. Ал ”Эл үмүтү Ата-Журт” депутаттык тобунун мүчөсү болуп саналат.**Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен Гананын тышкы иштер министри Сэмюэл Окудзето Аблаква 15–17-март күндөрү Кыргызстанга расмий сапар менен келет. ТИМден билдиришкендей, расмий сапардын алкагында жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылууда, алардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Гана Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланат.
Казакстанда жаңы Конституция кабыл алуу боюнча референдум өтүп жатат, президент Касым-Жомарт Токаев добуш берди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.Жаңы Баш мыйзамдын долбоору боюнча жалпы элдик референдум өткөрүү тууралуу жарлыкка өлкө башчысы 11-февралда кол койгон. Токаев бул өлкөнүн тагдырын чече турган күн экенин белгилеп, жаңы Конституция аймактык бүтүндүктү, көз карандысыздыкты жана мамлекеттин эгемендигин бекемдей турганына токтолгон. Ал 1995-жылы кабыл алынган Баш мыйзам өз милдетин толук аткарганын, бирок убакыт өтүп жашоо өзгөрүп жатканын, андыктан жаңы Конституция кабыл алчу мезгил келгенин белгиледи.Жарлыкка ылайык, жаңы долбоордо азыркы Баш мыйзамдын 80 пайызынын өзгөрүүсү каралган. Казакстандыктан бюллетендеги бир гана суроого — долбоору 2026-жылдын февралында жарыяланган Конституцияны кабыл алабы деген соболго жооп бериши керек.**Ормуз кысыгы АКШ, Израиль жана алардын тарапташтары үчүн гана жабык. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи MS Now басылмасына маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости кабарлады."Чынында Ормуз кысыгы ачык. Бизге кол салган душмандарга, аларга ыктагандарга тийиштүү танкерлер менен кемелер гана өтө албайт. Калгандар кысыктан ээн-эркин өтө берет", — деген дипломат.Министр мамлекеттердин аймактан өткөн кемелердин коопсуздугу боюнча тынчсыздануусу Иранга байланыштуу эмес экенин белгиледи. Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп айрым Европа жана Азия өлкөлөрүн Ормузга аскер кемелерин жөнөтүүгө чакырган. Бейшемби күнү Ирандын жогорку лидери Можтаба Хаменеи кысык жабык боюнча калышы керектигин, Тегеран аны АКШ жана Израилге таасир этүүчү курал катары пайдаланарын айткан.Эсекрте кетсек, АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясынан улам Ормуз кысыгында кыймыл дээрлик токтоп калды. Натыйжада энергоресурстун баасына таасир этти. Дүйшөмбү күнү Brent үлгүсүндөгү мунайдын баррели 119 доллардан ашкан. Бул 2022-жылдын июнунан берки жогорку чек, нарк 29-31 пайызга жогорулады. Газ да кымбаттоодо, өзгөчө европалык мамлекеттерде катуу сезилип жатат, февралдын соңунан бери баа 100 пайыздан көбүрөөк өстү.
Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйынында белгилүү болду. Анда депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча жеке арызы каралды. Ага ылайык, комиссиянын 10 мүчөсүнүн добушу менен депутаттын ырастамасы жараксыз деп таанылды. Белгилей кетсек, Азыгалиев 12 миң 20 добуш алып, №17 шайлоо округунан шайланып келген. Ал ”Эл үмүтү Ата-Журт” депутаттык тобунун мүчөсү болуп саналат.**Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен Гананын тышкы иштер министри Сэмюэл Окудзето Аблаква 15–17-март күндөрү Кыргызстанга расмий сапар менен келет. ТИМден билдиришкендей, расмий сапардын алкагында жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылууда, алардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Гана Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланат.Казакстанда жаңы Конституция кабыл алуу боюнча референдум өтүп жатат, президент Касым-Жомарт Токаев добуш берди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.Жаңы Баш мыйзамдын долбоору боюнча жалпы элдик референдум өткөрүү тууралуу жарлыкка өлкө башчысы 11-февралда кол койгон. Токаев бул өлкөнүн тагдырын чече турган күн экенин белгилеп, жаңы Конституция аймактык бүтүндүктү, көз карандысыздыкты жана мамлекеттин эгемендигин бекемдей турганына токтолгон. Ал 1995-жылы кабыл алынган Баш мыйзам өз милдетин толук аткарганын, бирок убакыт өтүп жашоо өзгөрүп жатканын, андыктан жаңы Конституция кабыл алчу мезгил келгенин белгиледи.Жарлыкка ылайык, жаңы долбоордо азыркы Баш мыйзамдын 80 пайызынын өзгөрүүсү каралган. Казакстандыктан бюллетендеги бир гана суроого — долбоору 2026-жылдын февралында жарыяланган Конституцияны кабыл алабы деген соболго жооп бериши керек.**Ормуз кысыгы АКШ, Израиль жана алардын тарапташтары үчүн гана жабык. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи MS Now басылмасына маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости кабарлады."Чынында Ормуз кысыгы ачык. Бизге кол салган душмандарга, аларга ыктагандарга тийиштүү танкерлер менен кемелер гана өтө албайт. Калгандар кысыктан ээн-эркин өтө берет", — деген дипломат.Министр мамлекеттердин аймактан өткөн кемелердин коопсуздугу боюнча тынчсыздануусу Иранга байланыштуу эмес экенин белгиледи. Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп айрым Европа жана Азия өлкөлөрүн Ормузга аскер кемелерин жөнөтүүгө чакырган. Бейшемби күнү Ирандын жогорку лидери Можтаба Хаменеи кысык жабык боюнча калышы керектигин, Тегеран аны АКШ жана Израилге таасир этүүчү курал катары пайдаланарын айткан.Эсекрте кетсек, АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясынан улам Ормуз кысыгында кыймыл дээрлик токтоп калды. Натыйжада энергоресурстун баасына таасир этти. Дүйшөмбү күнү Brent үлгүсүндөгү мунайдын баррели 119 доллардан ашкан. Бул 2022-жылдын июнунан берки жогорку чек, нарк 29-31 пайызга жогорулады. Газ да кымбаттоодо, өзгөчө европалык мамлекеттерде катуу сезилип жатат, февралдын соңунан бери баа 100 пайыздан көбүрөөк өстү.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/0f/1100238789_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0eab23e6da26a2dd89b640382f6fd5ea.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио