БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Мурдагы депутат Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышпай турган болду. Тийиштүү токтомду Боршайком бүгүн кабыл алды.
Жапаров 20-июлда президенттикке талапкер катары катталуу үчүн Боршайкомго арыз берген. Кийин Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан кишини барымтага алган деп айыпталып, 11 жыл 6 айга кесилген.
Борбордук шайлоо комиссиясы Жапаровдун 2013-жылы соттолгонун эске алып, ал кылмыш иши кыскарбагандыктан шайлоодон четтетти.