Кыргызстандагы мектеп имараттарынын акыбалы тууралуу Тынчтык инновациялары боюнча Булан институту доклад даярдады. Анда авариялык абалдагы мектептер, аларды оңдоо, жаңыларынын курулуш темпи, финансылык булактар жана ашар жолу менен салынган билим берүү мекемелери жөнүндө кеңири баяндалат.
Кыргызстанда 2222 мектеп болсо, "байыркысы" 127 жыл мурда курулган
Докладда айтылгандай, ушул тапта Кыргызстанда 2222 мектеп бар, анын ичинен авариялык абалда тургандардын саны — 193. Алардын арасында мындан 127 жыл мурда курулган мектеп дагы бар. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Базарбаев атындагы мектеп 1890-жылы курулган. Анын имараты урап түшкөндүктөн, окуучулар азыр жетимдер үйүнүн имаратында окуп жатат.
Баяндамада жазылгандай, Кыргызстандагы мектептердин көбү эскилиги жетти. Мисалы, 32 мектеп 1930-40-жылдары курулуптур. Жалпы мектептердин тең жарымы 1980-жылга чейин салынган.
"Алар ресурсун толук иштетип бүттү, капиталдык ондоону талап кылат. Ошондуктан өкмөт "Коопсуз мектеп" аттуу программа кабыл алды. Анда 2015-жылдан баштап 2024-жылга чейин канча мектеп оңдолуп бүтүшү керектиги айтылган. Программа деталдаштырылган, оңдоого канча акча кетээри да көрсөтүлгөн", — деди КРдин Билим берүү жана илим министринин орун басары Салидин Калдыбаев.
Шыбы салаңдаган мектеп, титиреген тирөөчтөр
Булан институту Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Большевик айылындагы мектепке да барган. Докладда баяндалгандай, шыбы түшөйүн деп турган мектепти жыгач менен тиреп коюшкан.
"Жазгы жана күзгү жамгырларда үстүнөн тамчылаган суу класстарды көлдөтүп жиберет. Шыптын көп жерин жыгач тирөөчтөр менен тиреп койгонбуз", — деди Апыш Табылдиев атындагы орто мектептин директору Апал Өзгөрүшева.
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кожокелең айылында балдар кыйла убакыт боз үйдө окуп келишкен. Кышкы суукта боз үйдө отуруу мүмкүн болбой калганда, айылдагы үч кишинин үйүнө бөлүнүп алып окушчу. Бирок антип билим алуу дагы мүмкүн болбогондуктан, окуучулар жарым-жартылай урап калган эски мектепке кайра көчүп барганы айтылат.
"Биздин мектеп узунунан кеткен 84 метрлик үй. Анын жарымынан көбү, болжол менен 54 метри кулап калган. Айла жок, жарымы ураган мектепте 205 бала окуусун улантып жатат", — деген мектеп директору Нурлан Калыков Булан институтуна берген маегинде.
Айла кеткендеги абал. Менчик үйлөр мектепти алмаштыра алабы?
Ал эми Кара-Суу районундагы Кара-Гур мектеби урап калгандан кийин окуучулар ижарага алынган менчик үйлөрдө окуп жатышат. Мектеп директору Бакытбек Жалиевдин айтымында, имарат 2015-жылы айылды каптаган селден кийин жарактан чыгып, ӨКМ ал жерде мындан ары сабак өтүүгө болбостугун эскерткен.
"150 окуучу билим алуусун улантыш үчүн айыл өкмөтү жеке үйлөрдү мектепке ижарага алууга аргасыз болгон. Бирок кышкысын көмүрдүн жетишсиздигинен үй-мектептер жылытылбай калган учурлар болду. Быйыл жаңы мектептин пайдубалы курулуп бүттү. Айыл өкмөтү 2017-жылдын ноябрында жаңы имаратка кирип каларыбызды айтууда. Ошону биз дагы кудайдан тилеп отурабыз", — деди мектеп директору.
Мектеп курулушун каржылоого меценаттар тартылышы керекпи?
Президент Алмазбек Атамбаевдин "2017-жылдын аягына чейин Кыргызстанда бир дагы авариялык абалдагы мектеп калбашы керек" деп айтканы бар. Булан институту чынында эле мектеп курууда жандануу бар экенин жазат. Мисалы, соңку беш жылда республика боюнча 261 мектеп курулуптур. Ал эми өкмөт былтыр курулат деп убада берген 100 мектептин 77си түптөлдү. Анын ичинен 54 мектепке "Жер-Үй" кенинин лицензиясын сатуудан түшкөн 100 миллион доллардын эсебинен каражат бөлүнгөн.
Булан институтунун жазганына караганда, быйыл Архитектура жана курулуш агенттиги жаңы мектеп салбайбыз деп көшөрүп жатат. Анткени курулушу башталып, бирок токтоп калган мектептерди бүтүрөбүз деген максат коюшуптур. Андай болсо, албетте жакшы.
Курулушу 28 жылдан бери токтоп турган мектеп
Тиешелүү органдар Булан институтуна билдиргендей, быйыл Кытай менен Казакстан бирден мектеп салып берди. Сауд Арабиясы 35 миллион доллар кредитти мектеп курулушуна бергени жатат. Аталган институт ал каражаттын туура пайдаланышын көзөмөлдөөгө чакырып, мектеп курулушундагы коррупция тууралуу да жазган. Докладда мечит курам деп келген меценаттарды социалдык объектилерди курууга тартуу маселеси да козголгон. Мисалы, республикада бир топ мечиттерди салган Саид Баюми жетектеген уюмга ушул маселе менен кайрылган. Баюминин уюму быйыл Кыргызстанда төрт мектеп салып жатканын айтып кат аркылуу жооп жазыптыр. Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов да бул маселе боюнча "мечит салам деп келген арабдар мектеп да салсын, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, көндүрүү керек" деген оюн айтты.
Кыргызстандагы бизнес адамдары жана меценаттар качан мектеп салат деп суроо койгон институт жеке-мамлекеттик шериктештик тууралуу мыйзамга тактоолорду киргизип, меценаттарды мектеп курууга тартуу керектигин сунуштайт.
"Ашар жолу менен мектеп салган — түркөйлүк"
Булан институту эгемендик алган 1990-жылдардан кийин ашар жолу менен мектеп салуу — бир жагынан аргасыздык болгону менен экинчи жагынан кайдыгерлик болгон деген пикирде. Жети-Өгүз районунда 18 жыл бою райондук билим берүү башкармалыгын жетектеген Мурат Жетимишбаевдин айтымында, туңгучпериздент Аскар Акаевдин 15 жылдык башкаруу учурунда ашар жолу менен мектеп салдырткан адатка айланып калган.
"Мамлекет дагы ашар жолу менен мектеп салдырткан жетекчилерди колдогон. Себеби бюджетте акча болбогондуктан, айла жок ошого барган. Бирок ашар жолу менен мектеп салуу — түркөйлүк", — деди Жетимишбаев.
Билим берүү жана илим министринин мурдагы орун басары Гүлжигит Сооронкуловдун айтымында, чоңдор арасында социалдык объектилерди ашар жолу менен бүтүрүп, Ак Үйгө отчет берүү модага айланып кеткен.
"Мамлекет мектептин имаратынын коопсуздугун, курулушун өз мойнуна алышы керек. Ал эми мугалимдер жана мектеп директору окуунун сапатын гана ойлош керек. Бирок андай болбой, эгемендик алгандан кийин региондордо акимдер сыйлык алыш үчүн ашар жолу мектеп салдыра коюшчу", — деди ал.
Билим берүү боюнча мурдагы министр Аскар Какеев Булан институту менен бул маселе боюнча ой бөлүшүп, бир кездерде абалдан чыгуу үчүн ашар жолу менен салынган мектептер бар экенин айтты.
"Бирок азыр андай кылууга болбойт. Мектептер заманбап стандарттар менен курулушу керек", — деди Какеев.
Булан институтунун Борбор Азия программасынын жетекчиси Чолпон Орозобекова ашар ыкмасы менен мектеп салууга мамлекеттик деңгээлде тыюу салынышы керек деп эсептейт.
"Ашар ыкмасына жол берилбеши керек. Быйыл Мамкурулуш жана башка мекемелер мамлекеттик стандарттагы типтүү долбоорлорду иштеп чыгышыптыр. Аны менен салынганда гана имарат сапаттуу болот, коррупция да жоголот жана каражат үнөмдөлөт", — деди Орозобекова.
Корутунду
Мындай иликтөө баяндамадан соң Булан институту бир нече корутунду чыгарган.
Докладдын аягында институт мектеп курулушунун сапатын көзөмөлгө алууну, тендерлерди ачык жарыялоону жана сапатсыз курулган мектептер боюнча тергөө иштеринин тыкыр жүргүзүүнү сунуштаган. Ошондой эле мектепти ашар жолу менен курууга тыюу салынышы керек деген пикирин билдирген.
Мындан тышкары, Булан институту премьер-министрдин тапшырмасы менен бир типтүү болбоордогу мектептерди куруу идеясын кубаттайт.