БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология кызматы билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +18...+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +19...+24, Талас менен Ысык-Көлдө +16...+21, Нарын регионунда +14...+19 градус болот.
Бишкек менен Ошто мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Термометр Бишкекте +20...+23, Ош калаасында +21…+23 градусту көрсөтөт.