БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. 3-май, жекшембиде, күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөйт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Мындай маалыматты Кыргыз гидрометеорология таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +22...+27, Талас жергесинде +17...+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +20...+25, Ысык-Көлдө +18...+23, Нарын өрөөнүндө +19...+24 градус болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +23...+25 градуска чейин көтөрүлүп, мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт.