"Катуу шамал" же америкалыктар Вьетнамдан кантип эвакуация болгон

1975-жылы 29-апрелде Түндүк Вьетнамдын армиясы баш калаа Сайгонго бир топ эле жакын келет. Бул мезгилде америкалыктар Париж келишимине кол коюп, согуштан четтегенине эки жыл болуп калган. Ал эми бүт оорчулук Түштүк Вьетнамдын мойнуна жүктөлөт.
Sputnik
"Америкалыктар, силер өзүңөр эптей албаган ишти бизге таштап, качып жатасыңар", — деген 21-апрелде бийликтен баш тарткан Түштүк Вьетнамдын президенти Нгуен Ван Тхьеу.
Сайгондун тегерегиндеги аэродромдор Түштүк Вьетнамдын көзөмөлүндө турганда эвакуациялоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлгөн. 1975-жылдын апрелинде 50 миңге чукул вьетнамдык чыгарылып кетсе, кийинчерээк алардын 138 миңи АКШнын жарандыгын алган.
Бул процесстин акыркы чеги "Катуу шамал" операциясы болот. Тарыхка таянып санай келсек, жети миңден ашуун адамды учак алып жүргөн эки кеме, ракеталык эки крейсер, сегиз эсминец жана ондон ашык транспорттук аскердик кеме, тик учактар менен эвакуациялашкан. Алардын көбү америкалыктар менен кызматташканы үчүн кандаштарынын жазасынан корккон вьетнамдыктар эле. Качкындарды батырып ала кетиш үчүн деңизге UH-1H үлгүсүндөгүсүн кошуп, ондогон тик учактарды алып чыгышкан.
30-апрелде эле Сайгонго Вьетнам Демократиялык Республикасынын танкалары кирип келген. Аскерлер ок чыгарбаганы, эч кандай агрессия көрсөтпөгөнү айтылат.
"Президенттин сарайына барган жолду көрсөтүп коюшуңарды өтүнөбүз. Биз Сайгонду билбейт экенбиз, бул жерде көптөн бери боло элекпиз", — деп танкист жергиликтүү тургундардан суранган. Көп өтпөй Сайгондун аты Хошимин болуп өзгөрүп, Вьетнам бирдиктүү мамлекетке айланган.
Вьетнам согушуна АКШнын 111 миллиард доллары кеткен (азыркы баа менен алганда триллион долларга жакын). Согуш жылдарында америкалыктар бул өлкөгө 6,7 миллион тонна бомба таштаган. Бул 1939-жылдан 1945-жылга чейин Германияга ташталган бомбалардан 2,5 эсе көптүк кылат.