Ушактын таасири: мамилеге дарыбы же коркунучпу?

Sputnik
Биз коомдо ар дайым болуп келген, бирок маңызы жана таасири ар кандай бааланган көрүнүш тууралуу сөз кылдык. Ал — ушак. Кээ бир учурларда ал жөн гана күнүмдүк баарлашуунун бир бөлүгү катары кабыл алынса, кээде адамдардын ортосунда түшүнбөстүк, ишенимдин жоголушу жана мамилелердин бузулушуна чейин алып келет. Ушак адам психологиясынын, социалдык байланыштардын жана коомдук жүрүм-турумдун бир бөлүгү катары ар дайым изилдөөгө татыктуу тема болуп келген. Себеби ал кээде адамдарды жакындаткандай көрүнгөнү менен, көп учурда тескери натыйжа берип, ортодогу ишенимди солгундатып коёт.
Ошондуктан бүгүнкү уктурууда ушактын табиятын, анын келип чыгуу себептерин жана адамдык мамилелерге тийгизген таасирин талкуулап, ушактын зыяндуу жана айрым учурларда “социалдык байланыш куралы” катары кабыл алынган жактарын да карап чыктык.