Алты жылда товардык балык өндүрүшү 7 эсеге өстү. Кыргызстан балык экспорттоочу өлкөгө айлана алабы?

Sputnik
Акыркы жылдары Кыргызстанда балык чарбачылыгы тездик менен өнүгүп жатат. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча товардык балык өндүрүшү дээрлик 20 миң тоннага жетип, мурдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу бир нече эсеге өстү. Бул тармактын потенциалы жогору экенин далилдейт. Бирок өсүш менен катар көйгөйлөр да сакталууда. Ишкерлер бюрократиялык тоскоолдуктарга туш болуп, аймактарда мамлекеттик колдоонун жетишсиздиги байкалууда. Мындан тышкары, балык уулоого уруксат берүүчү билеттердин баасы коомчулукта талкуу жаратууда. Бул тармактын бүгүнкү абалы жана келечеги тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин директорунун орун басары Нурзамат Акпаралы уулу жана Балык өнөр жайы комплекси департаментинин башкы адиси Бексултан Мелисбек уулу менен маектештик.