Кремль: Европа болгон-бүткөн көйгөйүн Россияга оодарып сала албайт

Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Европа мамлекеттеринин бийлиги ички көгөйлөрүн Россияга оодарып сала албайт. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
Кремлдин өкүлү "Вести" маалымат кызматынын автору Павел Зарубин менен баарлашып жатып Россия Европа үчүн "үлгүлүү тышкы душманга" айланганына токтолгон.
"Аягы жакшы болбойт. Баарын бизге оодара салышабы? Жок, анте алышпайт. Европада кризис тереңдеп баратат. Бул экономикадагы, коопсуздук жаатындагы кыйынчылыктар. Эң башкысы — европалыктар өзөгүн жана негизги багытын түшүнө албай калышты", — деди Песков.
Ал Россия Европанын эртеңи үчүн кооптуу деп жар салышы чоң ката экенин кошумчалаган.
Макрон Россия, АКШ, жана Кытайды Европанын каршылаштары деп атады