Майра Керим кызы: Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар

Sputnik
Казак жана кыргыз элинин таланттуу акыны Майра Керим кызы бала кезинен колуна домбурасын алган, төкмөлүк өнөр ага ата-энесинен өтүп, түрдүү сынактарга катышып, туулуп-өскөн жеринде таанылган.Акын 2000-жылдардын башында төкмөчүлүк өнөрүнө көңүл бурулбай калганда Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев, Жеңишбек Жумакадыровдор менен сахнага чыгып, айтуучулуктун кайра жанданып өнүгүүсүнө чоң салым кошкон.
Майра Керим кызы 250дөн ашык ыр жазган. Калк арасында көбүнчө төкмө акын катары белгилүү болгон Майра Керим кызынын сахналаштары анын чыгармачылыгы өз убагында бааланбай калгандыгын айтып келишет. Ага бир дагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган эмес