Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдын POWERCHINA компаниясынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, анда тараптар Кыргызстандын аймагында биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты. Анын ичинде энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү, гидроэнергетикалык объектилерди куруу, ошондой эле кайра жаралуучу энергия булактары жаатындагы долбоорлор каралды. "Кыргызстан эл аралык инвесторлор менен өнөктөштүк мамилелерди ырааттуу бекемдеп, стратегиялык маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүп келет. POWERCHINA сыяктуу ири компаниялар менен кызматташуу энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүдө, инновациялык чечимдерди киргизүүдө жана өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн камсыздоодо жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат", — деп айтты Сабиров. Кыргыз тарап инвесторлорго колдоо көрсөтүүгө, анын ичинде долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында коштоп турууга даяр экенин белгиледи.
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Жогорку Кеңештин "Ала-Тоо" депутаттык тобу менен жолугушуу өткөрдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, анын алкагында калаа башчысы шаарда ишке ашырылып жаткан бир катар ири социалдык-экономикалык долбоорлор тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, шаар башчысы Ош шаарын жашыл шаарга айлантуу багытындагы иштер, жаңы сейил бактардын курулушу, таштандыны кайра иштетүүчү заводдун долбоору, рекультивацияланган көрүстөндөрдү жашыл аймакка трансформациялоо, ошондой эле курулушу жүрүп жаткан муниципалдык ипотекалык турак жайлар боюнча презентация жасады. Мэр өз сөзүндө акыркы мезгилде шаарга инвестиция салууга ниеттенген тараптар көбөйүп жатканын да белгилеп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө депутаттар шаар бийлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге оң баа берип, колдоо көрсөтө тургандыгын билдиришти.
24-апрелде ЭКСПО 2025 эл аралык көргөзмөсүндө алтын сыйлык алууга олуттуу салым кошкон искусство ишмерлери сыйланды. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, сыйлангандардын катарында дизайнерлер, колдонмо искусствонун чеберлери, кол өнөрчүлөр жана графикалык дизайнерлер бар. Алардын эмгектери Кыргызстандын маданий мурасын эл аралык аренада татыктуу таанытты. Ошондой эле өлкөнүн өзгөчөлүгүн, салттарын жана заманбап көркөм ой жүгүртүүсүн даана чагылдырды. Агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров талыкпас эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана өз ишине берилгендиги үчүн сыйлык ээлерине ыраазычылык билдирди.
Кыргызстанда өндүрүлгөн жоолук, кашне жана моюн орогучка чет өлкөдө суроо-талап бир нече эсеге өстү. Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында өлкө бул товарлардан 26,7 миң даана экспорттогон, ал эми өткөн жылдын ушул эле мезгилинде көрсөткүч 800 даанадан да аз болгон. Продукциянын дээрлик бардыгын Россия сатып алган, калганы Тажикстанга жөнөтүлгөн. Адистердин баамында, мындай өсүш кыргыз текстиль продукциясына болгон кызыгуунун жогорулаганын көрсөтөт.