Британиянын депутаттары кыргыз аткаминерлерине санкция киргизүүнү сунуштады. Тизме

Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Британиялык депутаттардын тобу өлкөнүн тышкы иштер министрине Кыргызстандын айрым аткаминерлерине карата санкция киргизүү өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу The Guardian жазды.
1 / 2

Британиялыктар аталган адамдардын Россияга каршы санкцияларды кыйгап өтүүгө байланышкан аракеттерге тиешеси бар деген пикирде

2 / 2

Катта Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев, башкы прокурор Максат Асаналиев жана Финансылык жөнгө салуу органынын мурдагы жетекчиси Марат Пирназаровдун аты аталган

20дан ашуун депутат менен лорддор кол койгон катта Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев, башкы прокурор Максат Асаналиев жана Финансылык жөнгө салуу органынын мурдагы жетекчиси Марат Пирназаровдун аты аталган.
Британиялыктар бул адамдардын Россияга каршы санкцияларды кыйгап өтүүгө байланышкан аракеттерге тиешеси бар деген пикирде. Мындан тышкары, Кыргызстан эл аралык чектөөлөр салынган аракеттер уланып жаткан аймак катары берилген.
Кремль Евробиримдиктин Кыргызстанга карата санкциялары тууралуу үн катты