Калкты тейлөө борборлору майдагы эс алуу күндөрү тынымсыз иштейт

Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Калкты тейлөө борборлору 1-майдан 10-майга чейин майрам жана дем алыш күндөрүнө карабай саат 09:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын алдындагы "Кызмат" мамлекеттик мекемеси билдирди.
Бул чаралар калкка мамлекеттик кызматтарды үзгүлтүксүз жана жеткиликтүү кылууга багытталган.
Элге борборлорго барууну пландаштырууда белгиленген иш графигин эске алуу жана мүмкүн болсо онлайн кызматтарды пайдалануу сунушталат.
Ысык 37 градуска жетет. Май айында күтүлгөн аба ырайы