Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо министрлеринин IX жыйыны өтүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин тогузунчу кеңешмеси башталды. Иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.
1 / 3

ШКУ саламаттык сактоо министрлеринин жыйыны "Ала-Арча" резиденциясында өтүп жатат

2 / 3

Катышуучулар саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашууда

3 / 3

Быйыл ШКУга Кыргызстан төрагалык кылууда

Быйыл ШКУга Кыргызстан төрагалык кылып жатат. Борбор калаага уюм өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо министрлери жана делегациялары келип, саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашууда.
Жыйындын күн тартибинде бир катар темалар каралган, анын ичинде жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу, тармактын кадрдык потенциалын чыңдоо, медициналык инфраструктураны жаңылоо, ошондой эле саламаттык сактоону санариптештирүү жана инновациялык технологияларды киргизүү бар.
Бул кеңешме тажрыйба алмашуу, биргелешкен ыкмаларды иштеп чыгуу жана ШКУ өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуусун мындан ары бекемдөө үчүн маанилүү аянтча болот деп күтүлүүдө.
Маалымат борбор
Россия Кыргызстанга медицина жаатында кызматташууда эмне сунуштап жатат