https://sputnik.kg/20260330/rossiyanyn-krge-medkyzmattashuu-boyuncha-sunushu-1100512157.html
Россия Кыргызстанга медицина жаатында кызматташууда эмне сунуштап жатат
Россия Кыргызстанга медицина жаатында кызматташууда эмне сунуштап жатат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. MedExpo көргөзмөсүндө Россия Кыргызстанга медициналык жабдууларды жеткирүүдөн тарта кадрларды даярдап берүүгө чейин, тагыраагы... 30.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-30T12:42+0600
2026-03-30T12:42+0600
2026-03-30T12:42+0600
маалымат борбор
кыргызстан
россия
айнур саманов
медицина
көргөзмө
кызматташуу
https://sputnik.kg/img/07e9/03/04/1092424153_0:0:3067:1725_1920x0_80_0_0_6282f7d994e0e20d823f9abccec04673.jpg
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. MedExpo көргөзмөсүндө Россия Кыргызстанга медициналык жабдууларды жеткирүүдөн тарта кадрларды даярдап берүүгө чейин, тагыраагы, кеңири кызматташууну сунуштайт. Бул тууралуу Россиянын соода өкүлү Айнур Саманов Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. MedExpo Kyrgyzstan ХХ — эл аралык адистештирилген саламаттык сактоо боюнча көргөзмө. Иш-чара Бишкек шаарында Ахунбаев көчөсү, 97 дарегинде эртең башталат. Самановдун айтымында, эл назарына саламаттык сактоо тармагындагы алдыңкы технологиялар, жабдуулар коюлат. Россия адаттагыдай эле көргөзмөгө катышууда лидерлик орунда. Бул ирет РФтен 15тен ашык өкүл келмекчи. Өзүнчө бир блок стоматологияга арналып, анда аталган тармак үчүн адистештирилген продукциялар жана чечимдер сунушталат. Тажрыйба алмашууга жана алдыңкы иш-тажрыйбаларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулмакчы. Соода өкүлүнүн айтымында, медицина тармагы абдан тез өнүгүүдө, ошондуктан Кыргызстандын адистери заманбап технологияларды билип, үйрөнүшү кажет. Саманов Россия тарап меджабдууларды сатып алууга да көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди. Бул жерде кызматташуудагы келечектүү багыт санатордук-курорттук багыт экени айтылды. "Кыргызстанда бул тармак активдүү жаңыланууда. Өзгөчө бул Ысык-Көлдө болуп, аймак дарылоо туризминин борбору катары көрсөтүлүп келет. Мындан улам Россия санаторий менен ден соолукту чыңдоочу мекемелерди жабдуу боюнча сунуштарын айтат", — деди соода өкүлү. Саманов медкөргөзмөнүн катышуучуларынын Кыргызстанга жаңы келишимдерди түзүү үчүн кайрылып келип жатканы биргелешкен долбоорлорго болгон туруктуу кызыкчылыктын белгиси экендигин айткан.
https://sputnik.kg/20260319/kyrgyzstan-rossiya-tovar-zhugurtuu-1100314882.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/04/1092424153_316:0:3045:2047_1920x0_80_0_0_de9725213cb31917e5c37b442e492314.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, айнур саманов, медицина, көргөзмө, кызматташуу
кыргызстан, россия, айнур саманов, медицина, көргөзмө, кызматташуу
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. MedExpo көргөзмөсүндө Россия Кыргызстанга медициналык жабдууларды жеткирүүдөн тарта кадрларды даярдап берүүгө чейин, тагыраагы, кеңири кызматташууну сунуштайт. Бул тууралуу Россиянын соода өкүлү Айнур Саманов Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
MedExpo Kyrgyzstan ХХ — эл аралык адистештирилген саламаттык сактоо боюнча көргөзмө. Иш-чара Бишкек шаарында Ахунбаев көчөсү, 97 дарегинде эртең башталат.
Самановдун айтымында, эл назарына саламаттык сактоо тармагындагы алдыңкы технологиялар, жабдуулар коюлат. Россия адаттагыдай эле көргөзмөгө катышууда лидерлик орунда. Бул ирет РФтен 15тен ашык өкүл келмекчи.
"Анда продукциялар жана кызматтар тууралуу кенен маалыматтар болот. Медициналык жабдуулар, адистерди, медициналык мекемелерди башкарган кызматкерлерди окуткан ыкмалардын жыйындысы бар", — деп белгиледи Саманов.
Өзүнчө бир блок стоматологияга арналып, анда аталган тармак үчүн адистештирилген продукциялар жана чечимдер сунушталат. Тажрыйба алмашууга жана алдыңкы иш-тажрыйбаларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулмакчы. Соода өкүлүнүн айтымында, медицина тармагы абдан тез өнүгүүдө, ошондуктан Кыргызстандын адистери заманбап технологияларды билип, үйрөнүшү кажет.
Саманов Россия тарап меджабдууларды сатып алууга да көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди. Бул жерде кызматташуудагы келечектүү багыт санатордук-курорттук багыт экени айтылды.
"Кыргызстанда бул тармак активдүү жаңыланууда. Өзгөчө бул Ысык-Көлдө болуп, аймак дарылоо туризминин борбору катары көрсөтүлүп келет. Мындан улам Россия санаторий менен ден соолукту чыңдоочу мекемелерди жабдуу боюнча сунуштарын айтат", — деди соода өкүлү.
Саманов медкөргөзмөнүн катышуучуларынын Кыргызстанга жаңы келишимдерди түзүү үчүн кайрылып келип жатканы биргелешкен долбоорлорго болгон туруктуу кызыкчылыктын белгиси экендигин айткан.