Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Мекенибизде күндүзгү саат 15:00. Жаңы саатка алынган кабарлардын топтому менен таанышып алыңыз. Микрофондо Элдияр Асылбеков. Алгач кабарлардан кыскача...Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли 3,7 пайызды түздүОкумуштуулар дем алыш күндөрү Жер шарын магнит бороону каптаарын эскертти Башкы прокуратура салык кызматкерлерин айыпка жыкты. Алдыда кененирээк токтолобуз. Башкы прокуратура салык кызматкерлерин айыпка жыкты. Башкы прокуратура салык кызматкерлери ишкердин компаниясына 91 миллион сом ашыкча салык чегерип коюшканын билдирди. Салыкчылар так эмес маалыматтарды колдонуп, туура эмес эсеп жүргөндүктөн ишкердик субъектиге мыйзамсыз салык милдеттенмелери жүктөлгөн. Башкы көзөмөл органы мыйзамсыз эсептелген салыктарды жокко чыгарып, төрт салыкчыга айып пул салган.
Ысык-Көлдө 21-23-апрель күндөрү "Коопсуздук-2026" аталышындагы командалык-штабдык машыгуулар өтөт. Облустук бийлик ал күндөрү айрым жерлерде коменданттык саат киргизилерин кабарлады. Иш-чара Каракол шаарында, ошондой эле Кызыл-Суу менен Ак-Суу айылдарында болуп, мындан улам саат 21:00дөн 7:00гө чейин коменданттык саат режими иштейт. Бул убакыт аралыгында атайын техника жүрүшү ыктымал. Жергиликтүү бийлик жашоочуларды жана конокторду тынчтыкты сактоого, зарыл болбосо көчөгө чыкпоого жана тиешелүү талаптарды так аткарууга чакырды.
Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли 3,7 пайызды түзөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин расмий маалыматында айтылды. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,3 пайыз болгон.Ал эми Улуттук статистика комитетинин эсебине ылайык, 2025-жылдын 1-февралына карата Кыргызстандын калкынын саны 7 миллион 404 миң 300 адамды түзгөн. Жалпы жумушчу күчүнүн саны 2 миллион 860 миң 700 адам болсо, алардын ичинен 2 миллион 756 миңи иш менен камсыз болгон. Жумушсуздардын саны 104 миң 700 адамды түзөт.Ошондой эле жумуш менен камсыз кылуу органдарында катталган жумушсуздардын саны 57 миң 700 адамга жеткен. Алардын ичинен 25 миң 521и аялдар, ал эми 33 миң 752си жаштар.Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган жарандардын саны 38 миң 270 адамды түзүп, алардын 17 миң 591и аялдар жана 23 миң 488и жаштар экени белгиленди.Адистердин айтымында, бул көрсөткүчтөр эмгек рыногундагы кырдаалды талдоого жана калкты иш менен камсыз кылуу боюнча саясатты өркүндөтүүгө негиз болот.
Окумуштуулар дем алыш күндөрү Жер шарын магнит бороону каптаарын эскертти Күндүн катуу соккон шамалынын Жерге таасири жекшемби менен ишембиде күчтүү болуп, андан улам геомагниттик абал өзгөрүлүп турат. Бул туурасында Россия Федерациясынын Космосту изилдөө институтунун күн астрономиясы боюнча лабораториясынан кабарлаганын РИА Новости жазды. Окумуштуулардын айтымында, Күндөн чыккан күчтүү шамал бүгүн кечке чейин Жерге жетет. Бул Күндөгү чоң тешиктен бөлүнүп чыккандыктан жакынкы 2-3 күндүн ичинде магнит бороону жүрүп, геомагниттик абал өзгөрүп турат. "Катуу шамал Жер шарында бир жумадай болот. Бирок эң күчтүү таасири алгачкы эки күнгө — ишемби менен жекшембиге туура келет. Бул күндөрү планета жаңы шарттарга көнүп, өзгөрүлмөлүү учурунан өтөт", — деп лабораториядан билдиришкен. Окумуштуулардын корутундусуна караганда, Күндүн активдүүлүгү магнит бороондору кеминде ушул жылдын аягына чейин, балким, эмдиги жылы да жогору бойдон калат. Андан кийин Күндүн активдүүлүгү төмөндөгөн мезгилге орун бошотуп, геомагниттик абал тез эле төмөндөп, тынчый баштайт.