БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ош шаарында Турукташтыруу фондунун эсебинен 10 орто мектептин курулушун баштоо аземине катышты. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чара президенттин Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында өттү.
“Кайсы гана өлкөнү албайлы, илим-билимдин аркасында гана өнүгүү жолуна түшкөндүгүнө тарых барактарынан күбө болуп келебиз. Кезинде даанышман, ойчул бабабыз Жусуп Баласагындын “билим – бийик, түгөнбөс, окуу — улук, адам үчүн бул эки артыкчылык” деп айтканы бар. Мына ошондуктан биздин экинчи борборубуз Ош шаарында 10 мектептин пайдубалынын түптөлүшү жеке эле Ош шаары үчүн эмес, жалпы өлкөбүз үчүн, жамы журтубуз үчүн чоң окуя десем жаңылышпаймын”, — деди Жапаров.
Өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов республикалык бюджеттин эсебинен дагы 5 мектептин курулушу уланып жатканын белгиледи. 15 билим уясы ишке кирсе, орундардын тартыштыгы 22 пайызга чейин кыскарат.
Учурда Ош шаарында мамлекеттик 70 мектепте 100 миңден ашуун окуучу билим алып жатат. Ал эми мамлекеттик мектептердин сыйымдуулугу болгону 46 миңден ашуун гана окуучуга эсептелген. Бул иш жүзүндө мектептер 2 эседен ашык жүктөм менен иштеп жатканын көрсөтөт.
Белгилей кетсек, мамлекет башчы иш сапарынын алкагында бир катар өнөр жай жана социалдык объектилердин ишин жана курулушун көрөт.