Бишкекте кыргыз-орус мектебинин курулушунун жаңы этабы башталды. Жакшы саамалык
Бишкекте кыргыз-орус мектебинин курулушунун жаңы этабы башталды. Жакшы саамалык
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкекте Россия менен Кыргызстандын биргелешкен мектебинин курулушунун жаңы этабы салтанат менен башталып, ага минкаб төрагасынын... 25.03.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкекте Россия менен Кыргызстандын биргелешкен мектебинин курулушунун жаңы этабы салтанат менен башталып, ага минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Россиянын КРдеги элчиси Сергей Вакунов катышты. Долбоор Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөр аралык макулдашуусунун негизинде ишке ашууда. Элчи Вакунов биргелешкен мектептерди куруу Россия менен Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштүгүнүн жана союздаштык мамилесинин негизги багыттарынын бири экенин белгиледи. Анын айтымында, бул долбоор эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги ишенимди жана кызматташууну чагылдырат. Ал Кыргызстанда орус тилдүү 9 мектеп куруу долбоору кийинки баскычка өткөнүн эске салып, алгачкы объектилер, анын ичинде Бишкектеги мектеп 2027-жылы пайдаланууга берилерин айтты. Ошондой эле мектептерде Россиядан жана Кыргызстандан даярдалган мугалимдер иштеп, мыкты билим берүү тажрыйбаларын айкалыштырарын кошумчалады. Дипломат орус тилине Кыргызстанда өзгөчө кызыгуу бар экенин белгиледи. Россия тарап РФ өкмөтүнүн квотасынын алкагында эжей-агайларды даярдоону уланта тургандыгын айтты. Эске салсак, 2026-жылы кыргызстандык студенттер үчүн 700 орун берилген. Элчи ошондой эле 1-3-апрель күндөрү Бишкек, Кара-Балта, Кант жана Токмок шаарларында "Россиядагы билим берүү — 2026" аттуу кезектеги россиялык университеттердин көргөзмөсү өтөрүн билдирди. Ага РФтин ар кайсы аймактарынан 26 алдыңкы жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү келишмекчи.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкекте Россия менен Кыргызстандын биргелешкен мектебинин курулушунун жаңы этабы салтанат менен башталып, ага минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Россиянын КРдеги элчиси Сергей Вакунов катышты.
Долбоор Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөр аралык макулдашуусунун негизинде ишке ашууда.
Бишкекте курулушу башталган мектеп 2027-жылы пайдаланууга берилмекчи
Элчи Вакунов биргелешкен мектептерди куруу Россия менен Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштүгүнүн жана союздаштык мамилесинин негизги багыттарынын бири экенин белгиледи. Анын айтымында, бул долбоор эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги ишенимди жана кызматташууну чагылдырат.
Ал Кыргызстанда орус тилдүү 9 мектеп куруу долбоору кийинки баскычка өткөнүн эске салып, алгачкы объектилер, анын ичинде Бишкектеги мектеп 2027-жылы пайдаланууга берилерин айтты. Ошондой эле мектептерде Россиядан жана Кыргызстандан даярдалган мугалимдер иштеп, мыкты билим берүү тажрыйбаларын айкалыштырарын кошумчалады.
Дипломат орус тилине Кыргызстанда өзгөчө кызыгуу бар экенин белгиледи. Россия тарап РФ өкмөтүнүн квотасынын алкагында эжей-агайларды даярдоону уланта тургандыгын айтты. Эске салсак, 2026-жылы кыргызстандык студенттер үчүн 700 орун берилген.
Элчи ошондой эле 1-3-апрель күндөрү Бишкек, Кара-Балта, Кант жана Токмок шаарларында "Россиядагы билим берүү — 2026" аттуу кезектеги россиялык университеттердин көргөзмөсү өтөрүн билдирди. Ага РФтин ар кайсы аймактарынан 26 алдыңкы жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү келишмекчи.