БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Бишкекте ири алдамчылыкка шектелген жигит кармалганын Свердлов РИИБинен кабарлашты.
Тартип сакчылары Х.А. аттуу шектүү 2023-жылы таанышынын 150 миң долларын Кытайга которуп берем деп алган бойдон из суутуп кеткенин билдиришти.
Аталган окуя боюнча "Алдамчылык" беренеси менен иш козголуп, 29 жаштагы жигит убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө уланууда.