Мэр Жунушалиев кооптуу көп кабат тамдардын жашоочуларына кайра барды

Мэр жашоочулар президентке кайрылгандыктан алардын маселесин чечип берүүгө аракет кылып жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын башчысы Айбек Жунушалиев Фучик көчөсүндөгү авариялык абалдагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары менен кайрадан жолукту. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Мэр бир нече күн мурда үйдүн абалын көрүп, жашоого болбой турганын айткан. Ал эми тургундарга МИК аркылуу батир берилип, баа айырмасын жеңилдетилген шартта төлөп берүү мүмкүнчүлүгү каралары маалым болгон.
Кийинчерээк жашоочулардын бардыгы бул шартка макул эместиги тууралуу маалымат тараган. Бүгүн Жунушалиев тургундар менен кайра жолукту.

"Силер адегенде өз ара кеңешип, батирди МИК аркылуу аласыңарбы же үйлөрдү талапка ылайык оңдоп-түздөйсүңөрбү, чечишиңер керек", — деди мэр.

Жашоочулар кеңешип, бардыгы бир чечимге келгенден кийин кат түрүндө жооп берерин айтышты.
"Президентке кайрылгансыңар, ошондуктан жардам берүү үчүн келдик. Биздин максат — коопсуздугуңар. Менчигиңерге кол салбайбыз жана чечимди кысым менен кабыл алууга мажбурлабайбыз", — деп кошумчалады шаар башчысы.
Бишкек жана Ош боюнча деталдык пландоо долбоорлорун өкмөт бекитүүсү сунушталды