Чара көрүүнү суранам! Итке таланган бөбөктүн атасы бийликке кайрылды

Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Итке таланган баланын сыйрылган төбөсүнүн териси окуя болгон жерде калып кеткен. Бул тууралуу Sputnik агенттигине бөбөктүн атасы Бекзат Туйтеев билдирди.
Ал эгер терини дароо алып келсе дарыгерлер тигип калыбына келтирсе болмоктугун, бирок шашылыш ооруканага жеткирилип, ал деле эч кимдин оюна келбегенин айтты.
"Чокусундагы терисин жулуп алыптыр. Аны дароо алып келгенде тиксе болмок экен. Бирок ал эч кимдин деле оюна келбептир. Эми аны кандай кылабыз, билбейм. Москва, Түркияданбы, жолдорун издейбиз. Сөөк ачык калбашы керек, териге эт жабышпайт деп жатышат. Эң башкысы, сакайып кетсе жолу бардыр, издештиребиз", — деди Туйтеев.
Ал ошондой эле факт боюнча кылмыш иши козголгонун айтып, бийликтен окуяны көзөмөлгө алууну суранды.
"Анткени балама оор залал келтирди. Ошондой кылган иттердин ээси мыйзам чегинде жоопко тартылып, чара көрүлсүн", — деди ал.
Туйтеев иттер кошунасыныкы экенин, бирок ал муну мойнуна албай жатканын кошумчалады.
Итке таланган баланы көрүп жашымды тыя албадым. Милиционердин баяны