БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бишкек шаарындагы №3 Медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын дарыгерлери 15 жаштагы баланын кызыл өңгөчүнөн операция жолу менен сөөк алып чыгышты. Бул тууралуу аталган оорукананын врачы Калыбек Мыкыев билдирди.
15 жаштагы бала жутуп алган сөөк
© Фото / Калыбек Мыкыев
Маалыматта өспүрүм сөөктү шорпо ичип жатып жутуп алганы айтылат, сөөк баланын кызыл өңгөчүнө тыгылып калган.
Алгач 15 жаштагы өспүрүмгө шаардын эки ооруканасында операция жасаганга аракет болуп, бирок майнап чыккан эмес. Аягында бала №3 балдар ооруканасына жаткырылып, операцияга беш күн даярдалган. 10дон ашык дарыгер катышкан операция ийгиликтүү өтүп, өлчөмү 3,5×4 сантиметр болгон сөөк кызыл өңгөчтөн чыгарылган.