БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бишкекте балдарга ийненин сыныктары кошулган момпосуй таратты делген эркек киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Бишкекте балдарга ийненин сыныктары кошулган момпосуй таратты делген шектүү
© Фото / Пресс-служба УВД Ленинского района Бишкека
Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарына Ак-Ордо конушунда белгисиз жаран балдарга момпосуй таратып жүргөнү, кийин алардын ичинен ийненин сыныктары табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары Н.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын жашаган жерин тинтүүдө момпосуйлар жана башка далил буюмдар алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.