БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бишкекте Т.К. аттуу 59 жаштагы аял машина алдында калып көз жумду. Окуя болгон учур видеого түшүп калган.
Кайгуул кызматынын маалыматына караганда, кырсык 26-ноябрда таңга маал Боталиев жана Кызыл-Кыя көчөлөрүнүн кесилишинде болуп, айдоочу качып кеткен. Жабырлануучу "Тазалыктын" кызматкери экени айтылды. Ал 27-ноябрда ооруканадан эсине келбей үзүлгөн.
Милиция Т.А. аттуу 36 жаштагы айдоочуну таап, камакка алды.