БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн атайын чабарманы Стив Уиткофф менен Россиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусу келерки жумага мерчемделип жатканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Атайын өкүлгө Украинадагы абалды жөнгө салуу процессине катышып жаткан президенттин күйөө баласы Жаред Кушнер дагы кошулушу мүмкүн.
"Жаред барат деп так кесе айта албайм, бирок ал процесстерге катышып жүргөн акылдуу бала. Алар, жаңылышпасам, Путин менен келерки жумада Москвада жолугушат", — деди Трамп журналисттерге.
Буга чейин америкалык президент Владимир Путин жана Владимир Зеленский менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын айткан. Ал мындай жолугушуу абалды жөнгө салуу боюнча келишим макулдашылганда, жок дегенде соңку стадиясына жеткенде гана мүмкүн болорун кошумчалаган.