Кыргызстанда тигилген спорт кийимдеринин ири бөлүгү ЕАЭБ өлкөлөрүнө сатылат

Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда тигилген спорттук кийимдердин басымдуу бөлүгү ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолот. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Өлкө сегиз ай аралыгында 248 миң даана кийим саткан.
Кардар өлкөлөр:
Казакстан — 185,2 миң;
Россия — 51,1 миң;
Өзбекстан — 11,3 миң;
Польша — 176 даана;
Улуу Британия — 112 даана;
Нидерланддар — 42 даана;
Эстония — 12 даана.
Кыргызстан ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү боюнча алдыда