БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Милиция кызматкерлери тарабынан жолдон токтотулуп, мас-соосун аныктоо үчүн Токмок шаарынын ооруканасына алып келинген 32 жаштагы айдоочу чаң салып, дарыгерди уруп жиберген. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады.
Окуя 2-ноябрь күнү кечинде болгон. Маалыматта Toyota Ipsum Токмок — Кошой жолунан токтотулганы айтылат. Милиция рулдагы адам кызуу экенин билдирди.
"Мас-соосун аныктоо үчүн айдоочу Токмок шаардык ооруканасына алып келинген. Ал чыр чыгарып, сөгүнүп, дарыгерлердин бирине кол көтөргөн. Факт каттоого алынып, жерине ыкчам топ барган. Айдоочу шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилди. Дарыгер арыз жазуудан баш тартты, териштирүү уланууда", — деп айтылат маалыматта.
Окуяга жол берген милиция кызматкерлерине карата да иликтөө башталганы кошумчаланды.