БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Россиянын Кыргызстандагы маданият күндөрү салтанат менен расмий ачылды.
Анда алгач эки өлкөнүн маданият министрлери сүйлөдү.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Кыргызстан менен Россиянын маданий алакалары руханий баалуулуктарга, тамыры бир жалпы тарыхка жана эки тараптуу сый-урматка негизделген жандуу байланыш экенин белгиледи.
"Бул маданият күндөрү жөн гана чыгармачылык иш-чаралардын кезектеги бир сериясы эмес, биздин элдердин кызматташтыгын бекемдеген ынтымак менен ишенимдин көпүрөсү. Маданият — котормонун кереги жок бирдиктүү тил. Искусство биримдикке жана шыктанууга түрткөн чоң күч экенине бүгүн да кайрадан ынандык", — деди Мамбеталиев.
РФтин маданият министри Ольга Любимова эки өлкөнүн маданий иш-чаралары кеңейип, эки элдин жогорку деңгээлдеги мамилесине жана достугуна шайкеш келип жатканын белгиледи.
Министр бир жыл мурда Кыргызстандын маданият күндөрү Россияда өткөнүн эске салды. Ошондой эле ал президент Владимир Путиндин Россия-Кыргыз мамилелеринин маанилүү бөлүгү маданий-гуманитардык байланыштар деп айтканын белгиледи.
"Меймандостук – Кыргызстан менен Россия элине мүнөздүү өзгөчө сапаттар. Бул нерсе аркылуу тарыхый даанышмандык муундан муунга өтүп, тарых менен маданиятка карата түшүнүк калыптанат. Бүгүн биз Россиянын Кыргызстандагы маданият күндөрүн баштайбыз. Анын программасында россиялык аткаруучулардын гала-концерти, Кино музейинин фотокөргөзмөсү, кинофестиваль, Никита Михалковдун "Мастерская "12" театрынын белгилүү спектаклдери бар. Бул маданият күндөрү бишкектиктер Россиянын бай маданиятына чөмүлүп, эс алуусуна шарт түзөт деп ишенем", — деди Любимова.
Айта кетсек, бүгүн филармониянын сахнасында Россиянын белгилүү артисттери өнөрлөрүн тартуулады. Концерт Россиянын эл артисти Сергей Жилин жетектеген атактуу "Фонограф-Симфо джаз" оркестринин коштоосунда өттү. Иш-чарага Россиядан 400дөн ашык чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү катышууда.
Ошондой эле филармониянын кире беришинде Кино музейинин "Бир экранда. Россия — Кыргызстан — Кино" аталышындагы сүрөт көргөзмө уюштурулду.
Эске салсак, Россиянын Кыргызстандагы маданият күндөрү 29-октябрдан баштап 2-ноябрга чейин уланат. Анын алкагында Россия кинолорунун фестивалы да өткөрүлөт.